Ош облусунда экстремисттик уюмдарга каршы чечкиндүү аракеттер көрүлүүдө
Дүйнөлүк коомчулуктан алганда, диний кагылышуулардан согуштар чыгып, миңдеген бейкүнөө адамдар, балдар кырылып келет. Улам бир өнүккөн өлкөлөрдө жардыруулар катталып, канчалаган өмүрлөр кыйылууда? Буга кимдер күнөөлүү? Ооба, бул суроонун жандырмагы тереңде. Казган сайын учугу узарып кете берет. Эң башкысы, диний илимди туура кабыл албай, тескери түшүнүктөр менен адашуу, экстремизмге сугарылуу, терроризмге азгырылуу... Туңгуюк жолду тандагандар кантип мээ чөйчөгү желеге чырмалышып, андан чыга албай калышканын кеч сезишеби?
Күтүүсүз апааттан Кыргызстан да четте калбай, 2016-жылдын 30-август күнү Бишкектеги кытай элчилигинде үрөй учурган терракт катталган. Жанкечти элчиликтин короосун сүзүп кирип, бомба жардырууга жетишкени белгилүү. Мындай үрөй учурган ири окуя өлкөбүздө биринчи ирет катталган. Кытай бийлиги коопсуздукту күчөтүүнү талап кылып, тынчсыздануусун билдирген эле.
Өткөндөн сабак алып, келечекке карай туура кадам шилтөөбүз зарыл. Учурда исламды жамынып алышып, экстремисттик уюмдарга үгүттөп, чакырык салган диний агымдын көптөгөн түрлөрү жайылууда. Аларды сыртынан билүү мүмкүн эмес, анүчүн ичкериден талыкпаган изденүү менен мыйзамга жараша чара көрүү шарт. Ооба, экстремизмге каршы күрөшүүдө эки жол менен батыл киришүү керек. Биринчиси – катаал жаза, экинчиси – теологиялык агартуу иш-чараларын жүргүзүү.
Биз темага улай соңку фактыларды келтирүүнү туура көрдүк. Маселен, буга чейин соцтармактар аркылуу башка улуттун өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүүгө үндөшкөн жарандардын видео кайрылуулары тараган. Анын алкагында 2023-жылдын октябрь айында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде Кара-Суу шаарынын тургундары 1988-жылы туулган М.А., Т.М. жана 1974-жылы туулган М.М. кармалышкан. Алар “Хизб-ут Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болушат.
Кармалган жарандардын үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзүлгөн учурда араб жана өзбек тилдеринде жазылган экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, фото-видеосу бар дискттер далил катары табылып алынды. Табылган материалдар экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Колго түшкөндөрдүн баш коргоо чаралары каралып, шектүүлөр 2 айга камакка алынышкан. Тергөө иштеринин жүрүшүңдө топтолгон материалдарга ылайык, шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иштери козголду. Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.
Эл ичинде уктап жаткан мындай уюмдардын билинбегени канча? Анын баарын кармап, камай берүү мыйзамга ылайык иш, бир эсе машакаттуу. Мындай жагдайда КР мамлекеттик дин комиссиясы, муфтият да агартуу иш-чараларын көбүрөөк өткөрүп, ата-бабадан калган салттуу исламдын нугуна салууга шыктандырып, айтып туруусу зарыл. Жылуу сөз гана жабыркаган жүрөктөрдү жибитет...
Дагы бир мисалга келсек, Ош облусунан алганда, экстремизм багытында жалпы 67 факты боюнча кылмыш иштери козголуп, 72 атуул кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ош облусунун аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин аалымдары, коомчулук менен биргеликте дээрлик 1003 алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп, 2 форум, 4 семинар, 2980 буклет жана усулдук китепчелер таркатылып, 32 видео материал интернет жана социалдык түйүндөр аркылуу жүктөлүп, таркатылып берилди.
Ош облусу боюнча диний экстремизм багытында каттоодо турган атуулдардын ичинен жыл башынан бери аткарылган профилактикалык, түшүндүрүү, агартуу иш-чаралардын негизинде 11 атуул экстремисттик тыюу салынган уюмдан баш тартышкан. Албетте, мындай аракеттер “муз сынганын”, экстремизмге каршы күрөшүү жолго коюлганын билдирет. Натыйжада, башталган иштин ыргагын күчөтүп, айрым катмардын диний сабаттуулугун арттырууга баардык дараметибизди жумшашыбыз керек. Кара чүмбөт жамынуудан, ыксыз сакал коюудан арылууга кадам таштап, улуттук баалуулуктарга таасирленүүгө, каада-салтыбызды биле жүрүүгө дилгирленсек.
Ушул сыяктуу олуттуу жумуштар өлкөбүздүн башка аймактарында да тийешелүү мамлекеттик мекемелер жана коомчулук менен биргеликте аткарылышы – замандын талабы!
"Азия Ньюс" гезити