Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупцияга байланыштуу Япониядан келген оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупцияга байланыштуу Япониядан келген оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык”

06-ноябрь, 12:05
1 837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен Абдырахманович, кечээ эле интернет булактардан окудум, оң рулдуу машиналарды алып келүүгө тыюу салынганына карабастан, сегиз айда Япониядан 8,2 миң автоунаа алынып келиниптир. Кандай жол менен?

-- Биз оң рулдуу унааларга тыюу салганыбыз менен деле ар кандай коррупциялык схемалар менен: тетик деп атап, же “сол рулдуу” деп оформить этип, баары бир киргизип атышат. Андан сырткары, Армения, Россия сыяктуу мамлекеттерде да оң рулдуу унааларга тыюу салынган эмес. Биз алар менен ЕАЭБдин алкагында болгондуктан, ошол жактан да келүүдө. Ошондуктан, биз атайын мыйзам киргизип, “Япониядан келчү машиналар бир жагынан карапайым адамдар үчүн арзан болсо, экинчи жагынан сапаты жакшы, экологиялык жаткан таза, ошон үчүн аларга уруксат берип коёлу” десек, тилекке каршы, ал мыйзам өтпөй калган. Айтор, оң рулдуу унаалар бизге кирип эле атат, кире берет, “киргизбе” деп эч ким тыюу сала албайт. 

-- Коррупциялык схемаларды козгоп кетпедиңизби, алар канчалык деңгээлде?

-- Мен жана жогоруда айтпадымбы, биринчиден, тетик катары көрсөтүп киргизишет. Анүчүн сөзсүз бажы менен макулдашыш керек. Экинчиси, “сол рулдуу” деп каттатып, анан кайра оң рулга которуп атат. Бажыда тааныш-билиш болбосо, муну да кылуу мүмкүн эмес. Коррупцияга байланыштуу базарларда Япониядан келген жапжаңы оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер