Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм алдындагы акыркы тамак...

Өлүм алдындагы акыркы тамак...

02-август, 22:16
1 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көп өлкөлөрдө дале өлүм жазасы бар. Өлүмгө өкүм кылынгандар өздөрү каалаган тамакты заказ кылууга укуктуу экенин да көпчүлүк уккан чыгар. Кызык, мындай адаттан тыш кырдаалда адамдар эмнени заказ беришет болду экен? 

Мисалы, адам өлтүргөндүгү үчүн электр отургучтагы өлүм жазасына тартылган Джеймс Эдвард Смит өзүнө бир табак топурак заказ кылган. Албетте, түрмөнүн жетекчилиги анын бул өтүнүчүн канааттандырган эмес. Буга ыза болгон кылмышкер экинчи жолкусунда йогурт сурайт. Кадимки эле йогурт...

Дагы бир кылмышкер Томас Грассо SpaghettiOs фирмасынын спагеттисин заказ берген. Бирок, тилекке каршы, жергиликтүү дүкөндөрдө жана ресторандарда андай спагетти жок болуп чыккан. Ага башка тамакты алып келишет. Грассо абдан нааразы болуп, өзүнүн акыркы сөзүндө «менин эрким аткарылган жок! Бул тууралуу бардыгы билишин каалайм!” деп айтып өлгөн.

Дагы бир кылмышкер жигит Лоуренс Рассел Брюер бир топ тамак-ашка: куурулган этке, бекон кошулган чоң чизбургерге, эт жана жашылча кошулган омлет жана пиццага буюртма берет. Ага кошумча кылып, стейк, балмуздак, бир нече бөтөлкө пиво сураган. Мыйзам боюнча ал сураган тамактардын баарын алып келишет. Лоуренс ошондо эмне кылыптыр дебейсиздерби? Үйүлгөн тамакка текебер түрдө бир карап алып, “жебейм” деп баш тартат...

Филипп Рэй Уорман өлүм алдында пицца заказ кылып, бирок, аны үй-жайсыз селсаяка берүүнү суранган. Түрмө администрациясы бул өтүнүчтү аткаруудан баш тартканда Уорман үч жумалык ачкачылык жарыялайт. Натыйжада администрация анын талабын аткарууга аргасыз болот.

Бул сейрек учурда бир болчу оригиналдуу окуялар. Негизинен, соттолгондор мурда эч качан татып көрбөгөн тамактарды: устрица, омар жана башка чүйгүндөрү заказ кылышат экен. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер