Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликти басып алууга шектелгендердин төртөө камакта калды

Бийликти басып алууга шектелгендердин төртөө камакта калды

08-июнь, 17:17
2 169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн» деген шек менен кармаган беш адамдын төртөө эки аптага тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. УКМКнын тергөөчүсү төрт адамды 21-июнга чейин камакка алуу, бирөөнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн берген. Сот суранычтарды толук канааттандырган.

Айта кетсек, 6-июнда улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалганын, алардын башында «Элдик кеңеш» саясый партиясынын төрайымы турганы тастыкталганын кабарлаган.

Айрым интернет басылмалар кармалгандардын бири «Элдик кеңеш» саясый партиясынын төрайымы Роза Нурматова, бири «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков, бири Жусуп Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев экенин жазышууда. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер