“Кесипкөй, мамлекетчил, таза кадрлар көралбастыктан үйлөрүндө, же жеке бизнесте жүрүшөт”


-- Мамлекеттик жогорку кызматтарга кадрлар эксперимент катары коюлуп жатабы? Министр, губернаторлор бир-эки жылга жетпей эле коррупцияга айыпталып кетип атышканы эмнени билдирет? – деген мааниде собол таштап, ой калчадык.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:
-- Албетте, айрым учурларда кадр маселесинде мүчүлүштүктөр болуп жатат. Анткени тандоо процесси реформа болуп аягына чыга элек. Өтө кесипкөй, мамлекетчил, коррупцияга такыр аралашпаган таза адамдар тааныш-билиши жок, же баягы эле көралбастыктан үйлөрүндө билинбей, же жеке бизнес тарапта жүрүшөт. СССР убагындай кадр тепкичи менен өсүү, өзгөчө кылган ишин эске алып айылдан болсо да таап келе турган жагдай жок. Ал эми губернатор, мэрлер негизи жакшы ниет жана так тапшырма менен коюлуп жатат, тилекке каршы, напсисин тыя албай, ырыскысын көтөрө албай, “ханский замашкаларка” бат эле берилип кетишүүдө. Бул да ошол “из грязи в князи” дегендей, парашют менен түшкөндөр көп учурап калууда. Баары бир системалуу өсүп, тарбияланып келген башка болот экен.

Абдыбахап Нурбаев, экс-депутат:
-- Негизи аким, губернаторлорду эл шайлаш керек. Ошондо туура болот. Анткени алар шайлоого катышып жатканда эл алардын убадасын алат. Кийин убадасынын аткарылышын талап кылышат. Мисалы, беш жылга шайланса, ар бир жылын жыйынтыктап отчет берип, анан ишин уланткан зарыл. Ал эми министрлер праламенттик системага кирип, партиялар шайлашы керек. Партиялар жоопкерчилигин алуусу шарт. Эгер жаман иштесе ошол партияга минус болору билинип, жоопкерчилик жаралып, анан гана иш жылат.

Сейтек Качкынбай, саясат таануучу:
-- Азыр бизде шайлоо институту жоюлуп, баары бийлик тарабынан дайындалмай болуп калды. Менин оюмча, эксперимент эмес, президент мырза жакшы ниет менен эле ар кимдин кеңешин угуп, же өзүнүн түшүнүгү аркылуу кадрларды дайындап жатат. Дайындаганда көйгөй жок. Бирок президент мырза өзү айтып жаткандай, ар бир адам пенде. Ар бир адамдын напсиси бар. Ар бир адам жаңылышы мүмкүн. Ошондой адамдарды көзөмөлдөн чыгарбай карап турган нерсе бул – система. Система – бул көзөмөл. Журналисттер, башка органдар, эң негизгиси шайлоочулар баа берип турушу зарыл. “Биз добушубузду карызга бердик эле, ишенимди карызга алган элек, бирок ал карызды максатка жараша эмес, өз кызыкчылыгына колдонуп жатат” деп шайлоочулар арызданып демонстрацияларды кылышы мүмкүн. Азыр дайындалган министр ж.б. кызматтагыларга эл тарабынан көзөмөл жок. Система ичинен үзүлүп калган. Ошондуктан мындай көйгөйлөр боло берет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











