Н.Орунтаевдин артынан Ө.Жамшитов, Н.Набиев, П.Асанов жана А.Жумабаев камалабы?


Сооронбай Жээнбеков президент кезинде күч органдары өтүгүн төргө илишип, кыйла эле тайраңдашкан. Өзгөчө адам укуктары тебеленип, коррупцияга малынган фактылар арбын эле. Мына ошол таризден учкай кеп козгойлу.
Россиядан уурдалып келген 18 автоунааны ИИМ колго түшүрүп, тергөө башкармалыгы ишти карап, аягында көмүскөдөн бүтүрүшкөнү кашкайып чыгып жатпайбы. ИИМ орун басары Памир Асанов, тергөө башкармалыгынан Азамат Жумабаев жана Нурдан Орунтаев уюшуп, береги автооунааларды уурдагандардан 18 миң доллар алышып, коё берип жиберишкенби? Кызматтарынан кыянат пайдаланышканбы? (Азырынча собол сала туралы). Булардын айыбын Аваз аттуу ГУУРдун опери ачып, Кадамжай районунан Тажикстанды көздөй бараткан 18 автоунааны кармап, эрдик жасаганы айтылат. Бул кылмыш ишин аскер прокуратурасы алып, тергей баштайт. Мына ошондо “иттин өлүгү” ачыкталып, бүйүр кызытканын карачы! Айыпталуучу катары башкы фигурант, ИИМдин тергөөчүсү Нурдан Орунтаев аскер прокуратурасынан суралып, камакка алынарда “концерт” койгону, буркурап ыйлаганы кабарланды. “Мени камасаңар баарын сатам, анан асынып өлөм!” деп догурунганбы? “Жетим баламын” деп шолоктосо... Кабинетти жаңырта буркан-шаркан түшүп атса, аскер прокуратурасынын жетекчилигине чейин жетиптир да... Көп өтпөй ИИМдин орун басары Памир Асанов ортого түшүп, жансоогалап, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен сүйлөшүп, абийирлери ачылып калбаш үчүн жанталашканбы? Жогорку деңгээлде чечишип атышкан соң, мыйзам тебеленип, каалагандай калчашканбы? МЕНТтердин былыктарына башкы прокурордун орун басары Нуркамал Набиев да аралашып, ымдашып, айтор, “карга карганын көзүн чокубайт” образын жаратышканбы? Ошентип, айыпталуучулар жазага тартылбай, “жең ичинен” сенсация басылып калганын кантебиз?
Натыйжада, бул маалымат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жетсе, мыйзамдуу алкакта териштирип, аскер прокуратурасында убактылуу токтотулуп турган кылмыш ишин көтөрсө, анда Нурдан Орунтаевдин артынан Өткүрбек Жамшитов, Нуркамал Набиев, Памир Асанов жана Азамат Жумабаев – бешөө тең камакка алынабы? Күч органдарына сабак болушу үчүн, тазалыкты көрсөтүү таризинде артка кылчайып, чуулгандуу окуяга чекит коюш керек да. Анүчүн УКМК чечкиндүүлүк менен үлгү көрсөтүшү зарыл.
Ал эми коррупциянын бетин ачкан Аваз аттуу оперге ИИМ жасалма иш козгоп, куугунтукка алганын кантебиз? Акыйкаттык үчүн Авазды күбөгө тартышса эмнеге болбосун?
Кыкасы, мамлекетке кызмат кылуудагы тазалык, патриоттуулук, чыныгы кесипкөйлүк менен УКМК өткөн чакка кайрылабы? Сабыр эте туралы. “Кой терисин жамынган карышкырлар” жазага тартыларынан үмүт кылып...
Өкүнүчтүүсү – артында чуулганы арбын, кылмышка шектүү Нурдан Орунтаев кантип Бишкек шаарынын вице-мэри болуп отурат? Тийешелүү органдар текшерип, баа бериши шарт. Убакыт келди.










