Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Дайынсыз болуп жаткан белгилүү казак блогеринин жансыз денеси табылды
Дайынсыз болуп жаткан белгилүү казак блогеринин жансыз денеси табылды
28-ноябрь, 17:07
13 071 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстандык белгилүү блогер, вайнер жана КВН оюунчусу Мурат Бирмагамбетов каза болду. Ал Марс Откатович жана Мура Мариарчи псевдонимдери менен белгилүү болгон.
Актөбө шаарынын тургуну Мурат Бирмагамбетов 19-ноябрдан бери дайынсыз болуп, бүткүл шаар издеген. Ал үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегени маалымдалган.
Блогер, вайнер, юморист, волонтер, Актобе КВН командасынын мурдагы капитаны Мурат Бирмагамбетов кайрымдуулук иштери менен да белгилүү. Ал пикирлеш адамдар менен биргеликте “100 дос” долбоорун түзгөн. Достор биригип, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келишкен.
27-ноябрда анын жансыз денеси табылганы маалым болду. Өлүмдүн себеби азырынча айтылган эмес.