Канат Сагынбаев эрктүү болсо, Алга Кылычев саткынчы катары бааланууда

Бакыйган орган кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин командасындагы эки адамга өзгөчө токтолушат экен. Биринчиси, Канат Сагымбаев камалып, ар кандай кысымдарга кабылса да майтарылбай, бийлик менен соодалашпаганы, эрктүүлүгү, туруктуулугу менен өзгөчөлөнгөнүн эшиттик. Бул жигит менен чалгынга чогуу барсаң жарашат, орто жолдон таштап кетпейт же артыңан бычак урбайт. Адамгерчилигине, эң жөнөкөй жигиттик сапатына баракелде! Экинчисине токтолсок, Алга Кылычов камалар замат тергөө алкагында кызматташып, саясатта чогуу жүрөн тилектештерин сатып, тескери көрсөтмөлөрдү берүүнүн натыйжасында эркиндикке чыгып кеткени, жалакайлыгы менен сынга кабылганы жашыруун эмес. Көшөгө артынан кимдерге каршы иштегени, кандай жолдор менен ойт бергенин майдалап отурбайлы. Кыскасы, Канат Сагынбаев эрктүү болсо, Алга Кылычев саткынчы катары бааланууда. Бул турмуш чындыгы да, туурабы?
"Азия Ньюс" гезити