Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Оор кылмышка шектелген Темирболот Абыкеев кайрадан аким болду
Оор кылмышка шектелген Темирболот Абыкеев кайрадан аким болду
31-март, 20:52


Ала-Бука районунун акими болуп Темирболот Абыкеев дайындалды. Бул дайыма соцтармактарга чыр-чатактары менен чыгып жүрүп таанылган. УКМК ири өлчөмдө пара алууга шек санап, камакка алганы маалым. Ал кыска аралыкта Кара-Суу, Чоң Алай, Кочкор райондорунда аким болуп, Баткен шаарынын мэри катары да иштегенге үлгүргөн. Өткөн жылы парламенттик шайлоого катышып, жыдып калат. Анан кайра эле аким болуп чыга келди. Убагында кылмыш иши козголуп, камалган кадр кайрадан кызматка жармашып жатса, кандайча чечмелейбиз? Мындан башка тазасы жокпу? Моралдык жагы кантет? Дагы бир күнү бийликти уят кылып койбойбу? Ооба, суроолор көп, түшүнүксүз күндөр өтүүдө...











