Акыркы кабарлар
» Кылмыш » “Эду” тергөөгө каршылык көрсөтүп, күнөөлөрүн моюнга албай жатканы айтылууда
“Эду” тергөөгө каршылык көрсөтүп, күнөөлөрүн моюнга албай жатканы айтылууда
28-март, 22:32


УКМКнын “арстаны” Эльдар Жакыпбеков Бишкек ИВСте жатканы, азыркыга чейин СИЗОго которулбаганы кандай? А жактан ОПГлар менен МЕНТтердин колуна түшүп калса, соо чыкпайбы? Убагында эки тарабын тең шорлоткон эмеспи. Бул таризде түрдүү аңыздар аңкылдаган кербези...
А эң кызыгы, “Эду” тергөөгө каршылык көрсөтүп, күнөөлөрүн моюнга албай жатканы айтылууда. Эгерде мындай ыргак улана берсе, козголгон кылмыш иштери “сынып”, убагы келгенде акталып чыгабы? Кыскасы, ал команданы гана аткарганын, мыйзамсыз иштерге барбаганын баса белгилеп саймедиресе, анда жиптин учугу кимге барып такалат? Айтор, Эльдар Жакыпбековдун айланасындагы чуулгандарга элибиз да кызыгып карап турган чагы...











