Оштогу мыкаачылыктын башында Нурланбек Бурканов турабы?


Өзгөн РИИБнин үч милициясы кызмат абалдарынан аша чабышып, күнөөсүз адамды комага түшүрө сабашып, резонанстуу кылмыш ишине кириптер болушту. Жаңырган жылдын каргашалуу жаңылыгын жаратышты. Албетте, өкүнүчтүү! Адатта кандайдыр бир көйгөй жаралса, анын келип чыгуусун териштирип, чечмелеш керек.
Буга чейин Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Буркановдун шалаакылыгы сынга алынып, улам сөгүш алып, ишенимди актабай келатканы жашыруун эмес эле. Милдетин так аткарбаса кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот да. Деңгээли жетпесе кантсин? Ал эми соңку мыкаачылык окуяга келсек, бул жерде Өзгөн РИИБ башчысы Асан Токтомамбетовдун жана Нурланбек Буркановдун жетекчилиги астындагы өкүттүү көрүнүш. Булар бири-бирине издешпей табышып, пайда-батасыз байланып алышкандай...
Аныгында Нурланбек Бурканов жалпы өздүк курамга үлгү көрсөтө албаса, тыкыр башкаруудан караманча алыс болсо, кол астындагылары сөзүн угушпаса, анан берегидей зордук-зомбулукка жол берилет да, туурабы? ИИМдин ишенимин актабай, бүтүндөй республиканын астында Ош ОИИБнин ишмердиги теңирден тескери бааланууда. Кызык, Бурканов машаяк беле? Милдетин аткара албаса, кетсин да! Качанкыга чейин эркелей берет?











