Аялын атып салган адам Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан


Кечээ кечинде сот аркылуу ажырашкан аялын травматикалык тапанча менен атып салган мурдагы милиционер кармалды.
Бишкек ШИИБнин маалыматына караганда, Б.У. аттуу шектүү келиндин туулган күнүнө барып, ичкилик ичип, майрамдаган соң чыр чыккан.
Кылмышкер тууралуу маалымат:
1977-жылдын 2-августунда төрөлгөн, каттоосу Бишкекте. Буга чейин Бишкек шаарынын жол коопсуздугун камсыздоо кызматында иштеп, инспектор-инженер кызматын аркалаган. Аскердик наамы ага лейтенант. Аңчылыкка уруксат берген күбөлүгү болгон, аялды аткан травматикалык тапанчага расмий уруксаты бар экени аныкталган. Спорт клубдарынын биринде машыктыруучу болуп иштеп, пауэрлифтинг менен машыккан.
Ал “Мүмкүнчүлүгү чектелбеген дүйнө” паралимпиадалык кыймылынын федерациясы аттуу коомдук бирикменин жетекчиси жана тең негиздөөчүсү болгон. Маркум аял да ушул уюмдун тең негиздөөчүлөрүнүн бири экени айтылды. 2021-жылы ал саясый партиялардын биринин курамында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан. Ал кезде расмий түрдө жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Бирок партия шаардык кеңешке өткөн эмес.











