Аялына зомбулук көрсөткөн жаран кармалды
Ош шаарында аялына зомбулук көрсөткөн жаран камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны 2022-жылдын 21-февраль күнү күйөөсү мас абалда келип, сөгүп жана уруп, денесине жаракат келтиргендигин көрсөтүп, күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, мындай зомбулук буга чейин да бир нече ирет болуп келген. Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык сынгандыгы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгондуктан, кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча тергөөгө тапшырмалар берилип, жабырлануучунун күйөөсү С.Ч.ны суракка алып келүү көрсөтүлгөн. Бирок ал тергөөгө келбей, из жашырып кеткен.
2022-жылдын 8-март күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ч.С. Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө алынып келинген.
"Азия Ньюс" гезити