КР мамлекеттик гимни боюнча долбоор

Алгыр бүркүт Ала-Тоого жарашкан,
Айкөл кыргыз ат жалында таң ашкан.
Ата Журтун баскындардан коргошуп,
Ак мөңгүдөй адилдикти талашкан.
Кайырма:
Кылымдарды карыткан,
Кылымды кайра жаңырткан.
Айкөлдүктүн мекени
Жаша, гүлдө Кыргызстан!
Салтын сактап, оюн кыргыз жүгүрткөн,
Улук, ыйык ынтымакка бириккен.
Кыргыз деген жылдыз болуп жаркырап,
Жанып турат асман-аалам бийиктен.
Кайырма:
Кылымдарды карыткан,
Кылымды кайра жаңырткан.
Ынтымактын мекени
Жаша, гүлдө Кыргызстан!
Табиятта күн батат да, таң атат,
Күлүмсүрөп күн да нурун таратат.
Күн нурундай акыл менен элибиз,
Күндө жаңы өсүштөрдү жаратат.
Кайырма:
Кылымдарды карыткан,
Кылымды кайра жаңырткан.
Өсүштөрдүн мекени
Жаша, гүлдө Кыргызстан!
Калем
P.S. Өкмөт тарабынан КР мамлекеттик гимнин жазуу жалпы элге сунушталып, 700дөй варианттар келип, бирок бири да жарабай калганы кабарланган. Ошентип, гимнди тандоо күзгө жылдырылган эле. Ага дейре окурмандар тарабынан жазгандар болсо, гезиттин почтасына жөнөтүп койсоңуздар, сынакка карай жарыялоого көмөктөшөбүз.
"Азия Ньюс" гезити