Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкектин вице-мэри Азат Узаков камалды
Бишкектин вице-мэри Азат Узаков камалды
21-февраль, 12:06
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков УКМКнын төргөө изоляторуна 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 18-апрелге чейин камалды.
“А.У.18-апрелге чейин УКМКнын төргөө изоляторуна камалды. Мындай чечим 19-февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды” деп билдиришти мекемеден.
Бишкек шаарынын вице-мэри коррупцияга шектели кармалган. Азат Узаков 2021-жылы сентябрда борбор калаанын вице-мэри болуп камалды.