Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жигитиме тебеленип, көчөдө калгам, акыры казак байкеден бактымды таптым...

Жигитиме тебеленип, көчөдө калгам, акыры казак байкеден бактымды таптым...

31-август, 12:32
10 284 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал күнү мен эң бактылуу адам элем. Анткени, сүйүүгө кабылып, көзүмө эч нерсе көрүнбөй калган. Күндө көрүшсөк да, бири-бирибизди көргөнгө зар болуп кетебиз. Бир күнү Талгат “бир досумдун туулган күнү, барып келели деди. Үйдө катуу кармашчу эле, эч жакка чыккан эмесмин, быяктан болсо өзүм билип чыга баштадым. Жатакана жабылгыча келип калчумун. Чачым узун, келбетим Кудайга шүгүр. Ошентип каргашалуу күнү мени сүйөт деген жигитимди ээрчип туулган күнгө бардым. Барган үйдө досу өзү эле экен, эч кандай туулган күн жок экенин билдим. Сүрөт көрдүк, тамак ичтик, мен “эми кетейин” десем, “макул, азыр жеткирип коём” деди. Сыртта сүйлөшүп отуруп, кетейин деп сумкама кирдим. Жүрөгүм “шуу” дей түштү, досу жок үйдө. Талгат аркаман келип кучактап калды, “коркпо, мен сага жамандык каалабайм, сүйлөшүп отурабыз” деди. Мындай башыман өтпөгөнгө калчылдап, эмнеси болсо да качып кетүү үчүн эшикти көздөй жөнөдүм. “Сен кайда?” деп ойномуш болуп так көтөрүп кетти. Өпкүлөп кирди, каршылык кылып жаттым. Бирок, күчкө толуп, аскерден келген балага алым жетеби? Урган жок, бирок кийимимди айрып отуруп чечинти. Акыры алым кетип, багынып бердим. “Мен сени алам деп мени сооротуп жатты. Светти күйгүзүп, шейшептен кыздык белгини карап жатыптыр. Башка чапкандай кумсарып, сен кыз эмес белең? деп мени жек көрүү менен карады. Мен ыйлап атып, айткан сөзүнө да жооп узатпадым. Таң аткыча ыйлап, эптеп таң агарганда жатаканага жеттим.

Эки күн төшөктөн турбай жаттым, кыздар “эмне болду?” деп айланышат. Эч кимисине унчукпадым. Мени жеген ой “мен эч ким менен болбосом, эмне үчүн кыз болбой калдым?” дейм. Келсе түшүндүрөйүн, же доктурга баралы десемби деп отурдум. Албай койсо кантем?” деген да ой турду. Терезеге тарс эткизе тийген таштын үнүнөн чочуп кеттим, Талгат келгенде ушинтип чакырчу. Карагандан коркуп атып, акырын барып карадым. Талгат келиптир, колунда гүлү бар. Эмне кыларымды билбей калдым, эшикке чыксам, эч нерсе болбогондой бетимен өөп, жайдары тосуп учурашты. Көпкө турдук, мен мурдакыдай болбой калганымды байкады окшойт, кечирим сурап, эртең киного алпарып келерин айтып, узатып коюп кетти. Талгатка деген сүйүү оту кайра жанды. Кайрадан мурдакыдай мамиледе болуп калдык

Бир күнү машина айдап келип калды, ичинде сүйлөшүп отурсак, “бир айлантып келейин” деп айдап кетти. Шаардын четиндеги бактардын арасына барып токтодук. Талгат жей турган нерселерди, суусундук алып алыптыр. Мен суусундуктан бир ууртагандан кийин билбейм эмне болгонумду. Ойгонсом, башым салмактуу, денем ооруп калыптыр. Жылаңач жатам, мединститутта окуган үчүн уктатчу нерсе кошуп ичирип, ойлогон максатына жеткенине аябай ызаландым. Өпкөм өпкөмө батпай ыйлап жаттым. Мажүрүм тал мени менен кошо ыйлап, чачымдан сылап жаткандай. “Болду, мага экинчи келбе!” деп жатаканага кирип кеттим. Ошол бойдон “бир да эркекти сүйбөйм” деп ант берип, тепселенген сүйүүмдү аяп турдум. Эртең менен турсам жүрөгүм айланат, “ашказаным ооруп атат” деп жатып калдым. Көрсө, боюма бүтүп калыптыр. Айлам кетти. Дос кызыма баарын айтып берсем, ал окуган жерине издеп барып, кат таштап келиптир. “Бирөө чакырып атат” дегенинен чыксам Талгат. “Мен сени албайм, сен кыз эмес болчусуң, мага келип тынчымды алба!” деп коркутуп кетти. Ичим билине электе окуудан чыктым. Үйгө кантип барам? Группалаш кыздар квартира таап, ар кимиси ар нерсе алып келип, жардам кылып атышты. Окуу жыл бүтүп, баары үйлөрүнө кетишти. Ата-энем мени угуп, “келбесин” дешиптир. 

Төрөр күнүм келип калды. Жанымда эч ким жок. Чогуу бир короодо турган эже жардам берип, уул төрөдүм. Мына ошондо турмуштун тузу жүктөлдү. Балам төрт айлык болуп калганда батирдин акчасы төлөнбөй, көчөдө калдым. Жай болгондуктан күндүз кечке эшикте жүрөбүз, кечинде ар кайсы жерге түнөмөй. Бир күнү Панфилов паркына барып, арт жагындагы бактардын далдоосуна кирип отурдум. Чарчагандан өзүм да уктап кетипмин. Дабыштан ойгонсом, жанымда бир киши турат. “Эртең менен эле көрдүм эле, барар жериң жокпу?” деп суроо узатты. Көп адамдан алданып кагуу жеп калганга ишенбей, “бар” дедим. Ал басып кетти да, бир баштык толтура тамак-аш апкелип берип, кетип калды. Ачкалыктан эмчегимен сүт чыкпай калган, тамактан жеп, тааныбаган эле кишиге жардам бергенине ыйлап да, дуба да кылып жаттым. Кеч киргиче түнөк табышым керек эле. Баламды которуп, калган тамагымды алып, парктын арт жагы менен чыгып бараттым. Көзүм баягы кишиге илинди, спорт машина менен машыктырып иштейт экен. Мени көрүп басып келип, мен сени көптөн бери байкап жүрөм, жатар жериң жокпу? деди дагыЖок деп кыска гана жооп бердим. Мени күтө тур, сага жатакана таап берейин. Балаңды да жуунтуп аласың” деди. Макул болуп күтүп отурдум, бир маалда келип, “жүрү” деп машинасына бизди салып жөнөдү. Жакшы сүйлөп атса да ичимден ишенбей бара жаттым. Ойлогондой эле мейманканага келдик. “Мен сага азыр бөлмө алып берем, эс ала бер деп кирип кетти. Эмне кыларымды билбей калдым, кайра чыгып колума ачкычты берип, 12-бөлмө” деп машинесин айдап кетип калды. Ачып кирдим, мындай жерге биринчи жолу киришим. Балам уктап калганынан жаткырып коюп, ичин карап чыктым. Чоң, жарык бөлмө, телевизор, муздаткыч, жуунучу бөлмөсү да таза. Аңгыча эшик кагылды, “тиги киши келди окшойт” деп унчукпай калдым. “Ачыңыз, ысык тамак апкелдик” дегенде ачтым. Шорпо, куурдак, жер-жемиштер экен. Өзүм жуунуп, баламды да киринтип, курсагыбызды тойгуздук. Жаткан менен уктай албай, тиги кишини күтүп жаттым. “Ушунун баарын жөн эле кылат беле? Жаш келинди илип алгысы келип жатат да” деп ичимден сөгүп да алдым. Көзүм илинип кетиптир, канча күндөн бери эшикте түнөп жүрүп өлгөндөй уктаптырбыз. Балам да кирингенге ойгонбой жатты. Эртең менен кетүүгө камынып, кийимдеримди жыйнап атсам, эшик кагылды, дагы толтура тамак менен кат берип кетти. Катта “саат 3тө кечээки жерге келгиле” деп таксиге акча таштап кетиптир. Ал адам менен жакындан тааныштым. Казак экен, аты Даулет, 42 жашта. Даулет байке “барам десең ала кетейин, мен кетип атам” деди. Үй-бүлөсүн сураган эмесмин, ажырашып кеткенине 12 жыл болуптур. Пендебиз да, “алпарып, балам экөөбүздү сатып ийсечи...” деп макул болбодум. Түнү кайра ойлондум, “кышында эмне кылам? Кайда барам?.. Башка түшкөндү көрөйүн” деп тобокелге салып, Даулет байке менен кетип калдым. 

Алматы токсонунчу жылдары эле бизден кыйла алдыда болчу. Шаардын четинде өтө чоң эмес эки кабаттуу эскирээк үй экен. Мен үчүн хансарай эле. Бир айдан ашык жашап калдык. Бир күнү “мага турмушка чык, мен балаңды өзүмө жаздырып алам” деп сунуштады. Ойлонбой туруп макул болдум. Апасы менен тааныштырды, аябай оор басырыктуу, намаз окуган, түшүнүктүү аял экен. 

Ошентип, жашоом жакшы жагына ооду. Кудай мага боору ооруп, ушул күндү буюрганына миң мертебе ыраазымын. Апам болсо мени уккандан бери уктабай калыптыр, “доктурга көрүнөм” деп атама айтпай келип, издеп таппай кетиптир.    Кайненем “үйүңө барып, ата-энеңдин алдынан өтүп коёлу” деди. Ал кезде мындай телефон жок, үйгө кат жаздым. Жооп келди, эжем жазыптыр, “келе бергиле, атамды көндүрөбүз” дептир. Айтылган күнү кайненем абысынын, бир жеңебизди алып жолго чыктык. 

Жеттик, элдин арасынан издегеним апам. Бетинин бырышы көбөйүп, карый түшүптүр. Көзүм кылгырып, жашымды тыя албай калдым. Атам мурдагыдай эле салкын учурашты. Кучактаганда бала кездеги тааныш жыт... ошондо атамды да сагынганымды сездим. Жакшы кийинип, жакшы машина менен барганга, сынаганы баргандардын шагы сынып турду. Акча кенен болгон үчүн кайненем жакшы алпарды. 1993-жылдары Кыргызстан аябай эле кыйналып турган. Ата-энем да колунан келишинче сыйлады. Кайненемдер ыраазы болуп кайтты. Биз дагы бала-чакалуу болгонбуз, азыр бактылуу үй-бүлөбүз.


Салтанат 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер