Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиевдин айтканын Аалы акын улантты. Кандай сыр бар?

Генерал Суваналиевдин айтканын Аалы акын улантты. Кандай сыр бар?

02-сентябрь, 00:04
2 110 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын съездинде генерал Өмүрбек Суваналиев кылмыш дүйнөсү баш көтөргөнүн эскертип, алар менен аеосуз күрөшүүнү ачыктаган. Мамлекетке коркунуч келгенин баса белгилеп. Бул билдирүү коомчулукта талкуу жаратып, күч органдары актанганга үлгүрүшкөн. 

Эгемендүүлүк майрамына карата 31-августта Аалы Туткучев Ала Тоо аянтында сенсация жаратты. Таластык акеси Өмүрбек Суваналиевдин айтканын улантып, коррупцияны, соттордун “сокбилегин” жана кылмыштуулукту ырдап, о.э. добуштар уурдаларын, адилетсиздик ар тараптан кысканын төккөн. Сооронбай Жээнбековдун астында өз чындыгын тайманбай айткан Аалы акынды коомчулук алкоого алышты. Мурдагы төбөлдөр ачуу сынды уга алышчу эмес. Бул саам ажобуз сабырдуулукта баарын тыңдап, эртеси планда жок коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Эң башкысы, башкаруу бийлигинен тазалыкты талап кылып, парламенттик шайлоону ачык-айкын, калыс өткөрүүгө тапшырмаларды берди. Өзгөрүүгө үмүт бар бекен?..

Айрым кошоматчы саясатчыларга караганда, оппозициялык маанайдагы Өмүрбек Суваналиев менен Аалы Туткучев коомчулуктагы коркунучтарды алдын ала айтышканы, мамлекеттүүлүккө пайда келтиришкени бааланууда. Түпкүлүгүндө кандай сыр бар?..   


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер