Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тепкеде окуучулар сабалганы, курал колдонулганы кабарланды

Тепкеде окуучулар сабалганы, курал колдонулганы кабарланды

03-январь, 12:39
2 787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак-Суу районундагы Тепке айылында мектеп окуучулары сабалып, эки бала ооруканага түштү. Маалыматка ылайык, окуя 1-январга караган түнү болгон. Жергиликтүүлөр коңшу Курбу айылынан келген ондон ашык бала мектеп окуучуларын ур-токмокко алып, травматикалык курал колдонушканын айтышууда. Окуучулардын биринин колу сынып, дагы бири мээси чайкалып ооруканага түшкөн.

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров «Азаттыкка» жапырт мушташ болгонун ырастады. Анын айтымында, учурда окуяны райондук милиция териштирип, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Курбу айылынан келген балдар мектеп окуучуларыбы же жокпу, азырынча белгисиз. Милиция комментарий бере элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер