Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Баткенде мектеп директору бычакталып каза болду
Баткенде мектеп директору бычакталып каза болду
29-декабрь, 17:21
3 601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткен облусунда мектеп директору бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-декабрь күнү саат 22:45тер чамасында Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын 43 жаштагы Т.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып, Кадамжай районунун Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 43 жаштагы Т.К. аттуу тургун курч заттан ичинен жана жонунан жараат алганын аныкташкан. Маркум Баткен районунун Бөжөй айылындагы мектептин директору болгон. Ал алган жаракатынан улам Айдаркен аймактык ооруканасынан каза болгон.