Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Кулов менен терең сыймыктанган Аида Салянованын билдирүүсү

Феликс Кулов менен терең сыймыктанган Аида Салянованын билдирүүсү

15-февраль, 01:54
1 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова соцтармактагы баракчасына мындайча билдирүү таратты: 

     “Биз конокко чакырган ар бир замандашым менен терең сыймыктанам. Тарыхты адамдар жаратат. Тарых - бул тагдырлар, сыноолор, аракет менен каталар. Саясаттабы, кызматтабы Кулов жөнүндө ыплас нерсе укканым жок. Мамлекетке кыянаттык кылып же эл эсебинен байыган болсо, жарык жүзү менен жаштарга насаат айтуу кыйынга турмак” деп. 

     Кызык, Аскар Акаевдин доорунда Феликс Кулов коррупцияга айыпталып, түрмөгө түшүп, кийин Курманбек Бакиев менен тандемге барып, анан жыдыганы белгилүү. Соңунда “Фронт” түзүп, оппозициядагы тилектештерин таштап кетип, Өмүрбек Суваналиев баш болгон лидерлер камалганы эсибизде. Акыркы жылдары бийликке “адвокат” сымал жагалданып, “дүжүр чалга” айланганы жалганбы? Элибиз баарын көрүп турат. Таңгалычтуусу, Аида айым үчүн Кулов пакиза, жүзү жарык адам экен. Терең сыймыктанарын да жашырбаптыр. Баракелде!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер