Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзакматовдун жер баскынчылыгы эл астында ачыкталды

Мырзакматовдун жер баскынчылыгы эл астында ачыкталды

21-февраль, 19:29
8 768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыры кимдин-ким экени билинип, бул жалганда өз ордун тапкан пенделердин тизмеси узун тура. Ошолордун бирөөсүн гана сөз кылалы. Жашоонун жандырмагын кара! 

“Адамдын көзү топуракка гана тоёт” деп элибизде бекер айтылбаптыр. Ушундан улам обору ачып, тойбогондор боюнча мисал келтирелиби? Айталы, Мелис Мырзакматов 2,5 гектар жерди өзүнүн жакын адамына жаздырып коюп, Ош мэриясы менен талашып, соттошуп жатканын Жеңишбек Токторбаев билдирди. Натыйжада, бийликтин жеке басарга карата мыйзамдуу аракеттери туура. Ага да алымсынбай, кызыгы, Мелис Мырзакматов кайненеси Шааргүл Маликовага Ак-Бууранын аркы бетинен 3,8 гектар жерди каттатып, байлыкка марыганын карачы?! Бул боюнча Жеңишбек Токторбаев жумуш үстүндө билдирип, мамлекетке кайтара турганын эскертти. Мындай аракеттери менен Оштун мэри упай алып, элге жагууда. Калыс бололу да. Ал эми Мелис Мырзакматов убагында Ошту бийлеп, көпчүлүктүн көзүнө патриот, мекенчил көрүнүп, бирок көмүскөдөн чүйгүн жерлердин баарын басып, шылуундук кылганын карагылачы? Ушунчалык ачкөздүк Кудайга жакпайт да, туурабы? 

Кыскасы, “Кара кулак шердин” ким экенин көрдүк, жүзү ачылды. Буга чейин эмне эле Мелис Мырзакматов бийликти мактап, кошомат кылып атат (!) десе, көрсө, мыйзамсыз алып-жулмай менен байлыктарга жетип, коррупцияга белчесинен батканы ушул беле? Эми элдин бетин кантип карайт? Соңку убакта дымы чыкпай калды. “Камалып кетпейин” деп амалданып жатса керек...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер