Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Чоң энесине бычак сайган небере изделүүдө
Чоң энесине бычак сайган небере изделүүдө
24-декабрь, 15:47

Ош облусунун Өзгөн шаарында чоң энесин бычактады деген бала изделип жатат. 12-декабрда болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасына 1949-жылы туулган М.А. аттуу аял келип түшкөнү боюнча милицияга маалымат берилген.
Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерүү жүргүзгөндө, 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын М.А. аттуу 70теги кемпирди 22 жаштагы небереси эч себепсиз ашканадагы бычак менен көкүрөк тарапка бир жолу сайып жиберип, качып кеткендиги такталган.
Учурда чоң энесин бычактаган, кылмышка шектүү жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүүдө. Жабыркаган кемпирге операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда.
Ал эми небере эмне үчүн чоң энесине бычак сайганы иликтенүүдө.Aryba.kg











