“Жалаң репрессиялык ресурска ишеним арткан идеология көпкө өкүм сүрө албайт”

-- Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн акылман интеллигенция, аксакалдар эмне үчүн ой-пикир, сунуштарын айтышпайт?
Кубатбек Байболов, экс-министр:
-- Буга чейин ынтымак бар беле? Же Конституцияда көргөзүлгөн ыйгарым укуктарына ээ боло албай коркуп, күнкор абалга жеткирилген бийлик бутактарынын алсыздыгын кандай таанышыбыз керек? Айбат көрсөтүп, айрымдарына аваз бүтүп, кайым айтышканга жарап калса, шайлоо жакындады же кожоюндан дарамет кете баштады...
Канткен күндө да, жалаң репрессиялык ресурска ишеним арткан идеология көпкө өкүм сүрө албайт. Адамдарда ар нерсеге иммунитет иштеп чыгуучу биологиялык мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө итиңди көп урсаң да акыры ызырынып, айбат кылат. Адамдар итче жокпу?..
Айылчы Сарыбаев, профессор:
-- Экономиканы бирөөлөрдүн ой-пикири менен өнүктүрбөй өздөрүнүн программасы менен өркүндөтөт. Көрүнгөндөр акыл айта берсе, ал мамлекет болбой калат.
Кеңешбек Айтикеев, серепчи:
-- Негизи өлкөнүн өнүгүшүн алсак, мамлекеттик башкарууда кадр тандоо маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени өнүгүүгө тиешелүү маселелерди ошолор чечишет. Мамлекеттик кызматтарга кесипкөй, өз ишин мыкты өздөштүргөн кадрлар келсе, өлкө тез эле туңгуюктан чыгат. Ал эми интеллигенция, аксакалдар жалпы болуп жаткан өзгөрүүлөргө, окуяларга көз салышып, оң жана терс жактарын айтышып, өздөрүнүн калыс бааларын беришип, коомго өз ой-пикир, сунуштарын беришсе не? Алардын багыт берип турушу коомдун ынтымакта сакталышына, өлкөнүн өсүп өнүгүшүнө оң таасирин берет.
Эмне үчүн бүгүнкү күндө интеллигенция, аксакалдар үн чыгарбай отурушат? Анткени бизде “акылмандар” көроокаттын кулу болуп калышкан. Абийир, намыс дегенди унутушуп, мамлекеттен наам алыш үчүн көрүнгөн тааныштарын ортого салышып, атак, даңк артынан чуркап жүрүшөт. Акчалууларга, бийлик өкүлдөрүнө кол куушуруп, кошомат кылышып, чай ичкен жердин ырчысы болуп калышкан.
Адилеттүүлүк болбогон үчүн бизде карапайым эл үч жолу көтөрүлдү, төңкөрүштөр орун алды. Мамлекетибизде калыс сөз айтылбагандан соң, туура маалыматтар жетпегендиктен ушундай терс көрүнүштөр жаралууда.
Мирбек Маниясов, серепчи:
-- Ушул суроону элет жериндеги аксакалдарга узатканда, өлкөнүн өнүгүүсү боюнча эки достун мамлекет үчүн жан үрөп иштеп жаткандыгы боюнча эң жакшы бааларын беришмек. Азыркы интеллигенция, мурдагы “дүжүр аксакалдар” буюртма менен эле сүйлөшчү. Өлкө аңгекке түшүп баратса да кошоматтанышып, “баары жакшы” деп кол чаап отурушчу. Эми өз көздөрү менен Кыргызстандын экономикасы кандай темпте өнүгүп жатканын көргөндөн кийин, балким бир нерсе айткандан уялып жатышкандыр.
"Азия Ньюс" гезити