Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Журналист соттолбошу керек”


-- Акбөкөн Дүкенович, кечээ эле тармактык комитетте жалган жалаа үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору жактырылды. Бул долбоор боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Ушундай маселе каралганда журналисттер эмнегедир өздөрүнө кабыл алышат. Бүгүн интернет айдыңында журналисттердин үлүшү үч эле пайыз болуш керек, калгандарынын баары “мен журналистмин” деп өздөрүнө күбөлүк жазып алып чуркап жүргөндөр, кээ бирөөлөрүнүн жети класстык билими бар. Этика деген жок, сөгүнөт. Бизде түрмөлөрдө 7-8 миң киши жатат. Ошолордун жок эле дегенде миңинде телефон бар, анан кыларга иши жок, күнү-түнү башка аттарга жамынып алышып, комментарий жазып отурушат. “Аялдардын баарын хиджап жамынтышыбыз керек” деген радикалдар чыгууда. Көрдүңөр го, Москвадан телефон аркылуу вербовать этип жатышат. Ошондуктан, менин оюмча, тартип керек. Албетте, 100 миң сом айып пул бир аз көбүрөөк. Ал эң көп жагы го. 100 миң кимге салынат? Эгерде сиз бирөөнү жамандап жазсаңыз, аны окуп алып инсульт, же инфаркт кармаса, бир ай ооруканада дарыланса, экспертиза ушунун баары сиз жазган макаланын таасиринен болгонун далилдесе, ошондо салынат.
-- Бирок, кээ бир кесиптештериңиз айып пул менен гана чектелбей, кылмыш жоопкерчилигине да тартууну сунуштап атышпайбы?
-- Конституцияда жазылып турат, бир нерсеге бир гана жаза берилет. Айып пул салынса, демек, соттолбойт. Айып пул менен эле кутулат. Журналист соттолбошу керек.
"Азия Ньюс" гезити











