Көмүр ташыган айдоочу вагондон чыгалбай, тирүүлөй күйүп кетти
Каракол шаарында өрт кырсыгынан улам бир адам каза болду.
Өрт кырсыгы 17-декабрга караган түнү Каракол шаарынын Кыдыр Аке көчөсүндө жайгашкан вагон үйдөн чыккан. Өрттү эртең менен саат 05:27 чамасында кароолчу көрүп, өрт өчүрүү кызматын чакырган.
Күбөлөрдүн айтымында, ал жерде даярдоо кеңсеси болгон. Кочкор районунан 1976-жылы туулган Руслан аттуу айдоочу көмүр тартып келген. Унаасы бузулуп, кечке чейин оңдоп, ошол жердеги үйгө жатып калган.
Каракол шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, куткаруучулар саат 05:33тө кырсык болгон жерге жеткен. Алар барганда вагонду толугу менен өрт каптап, жалындап күйүп жаткан. Тилсиз жоону саат 07:42де өчүрүп бүтүшкөн. Өрттүн кесепетинен айдоочу каза болгон. Учурда анын өздүгү такталууда, анын Кочкор районунда жашаганы гана белгилүү болууда. Документтери да күйүп кеткен деп болжолдонууда.
Aryba.kg