Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Шайлообек Дүйшеев мага уятсыз, трайбалисттик сезим менен жооп берген...”

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Шайлообек Дүйшеев мага уятсыз, трайбалисттик сезим менен жооп берген...”

14-сентябрь, 22:11
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбай мырза, Камчыбек Ташиев мурун борбор шаар Жалал-Абад болгонун айтты. Бул келечекке карай кагылган коңгуроо эмеспи? Дегеле борборду көчүрүүгө кандай карайсыз?

-- Оң эле карайм. Мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгы жана өнүгүшү үчүн борбор шаар алмашып турса жакшы эле болот. Мисалы, Кытай борборун Нанкинден Пекинге, Жапония Киотодон Токиого, Россия Санкт-Петербургдан Москвага, Украина Харьковдон Киевге, Өзбекстан Самарканддан Ташкентке, Казакстан Алматыдан Астанага которушкан. Мындан башка бир топ өлкөлөр да борборлорун которушканы белгилүү, эли үчүн пайдалуу болгон. 

Борборду Ошко көчүрүү керек деп 1993-жылы “Кто или что взорвет Центральную Азию?” аттуу чоң макаламдын орусчасын “Res Publica”, “Свободные горы” гезиттерине жана кыргызчасын “Асабага” чыгаргам. Ал кезде соцжелелер жок болсо да, гезит беттеринде жана эл арасында катуу талкуу жүргөн. Жадагалса кыргыз акыны Шайлообек Дүйшеев мен айткан Ошко борборду көчүрүү себептерине аргумент таппай, “Ошко борборду көчүрүү – бок сөз!” деп “Асаба” гезитинде уятсыз, трайбалисттик сезим менен жооп берген. 

Ошол макаламда “Борбор эмне үчүн болуш керек?” деп, 14 себепти көрсөткөм. Ошол эле кезде трайбалисттердин каршылыгын алдын ала көрүп“тарыхый документтер боюнча Кара Кыргыз Автоном облусун түзүп жатышканда большевиктер Жалал-Абад шаары борбор болуусу керек” деп чечим чыгарышкан. Бирок, Пишпекте орустар көп болуп, чечимин бузушуп, Пишпек шаарын борбор кылып жарыялашкан” деп жазгам.

Менин оюмча, Камчыбек Ташиев иним да ошол коммунисттик документке таянып, Жалал-Абад шаарынын тарыхый жана саясый статусун айткан окшойт.

-- Базарга көп барып, мөмө-жемиштердин баасын байкап турасыз. Учурда күз келди. Эмнегедир азык-түлүктөр, жер-жемиштер кымбат болууда. Өкмөт жалпы каатчылыкка, элдин кыйналган жашоосуна маани бербей жатабы?

-- Саясатчылардан жалгыз өзүм базарларды жайы-кышы кыдырып, азык-түлүк, мөмө-жемиштерди алам жана социалдык желелердеги баракчаларыма алардын бааларын утур-утур чыгарып турам. Баракчаларыма жазылгандар үчүн бул аябай пайдалуу маалымат да. Себеби, алар үчүн дүкөндөгү бааларды үйдөн чыкпай туруп базардагы баалар менен салыштырганга ыңгайлуу.

Фейсбук дайыма мурдагы постторду эстетип турганынан, быйылкы бааларды он жыл мурдагы баалар менен салыштырып турсак болот. Ооба, азык-түлүктөр менен мөмө-жемиштердин баалары мурдагыга караганда жогорулады. “Бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча баардык нерсе кымбаттоодо!” деп өкмөттүн жооп берип жатканы элди канааттандырбай жатат. Себеби, “Бажы биримдигине кошулсак, баардык нерсе арзандайт” деп бийликтин айтканы элдин эсинен кетелек. Бирок, менин баракчама жазылган Россиядагы мекендештерибиз айтышат, “ажыке, Кыргызстандагы баалар Россияга караганда кымбатыраак болуп кетиптир го?! Элибиз Россияга караганда эмгек акыны, пенсияны жана жөлөк пулдарды азыраак алышат, кыйналып калышпадыбы?” деп суроо узатышат. 

Өкмөттү башкарган Акылбек Жапаров иним кассалык аппараттарды, жаңы салыктарды киргизүү, эски салык-төлөмдөрдү көтөрүү менен гана бюджетти толтургандай болууда. Бирок социалдык мамлекетте элдин керектөөчү куржуну (потребительская корзина) базар экономикасынын улам өзгөрүлүп турган баа саясатына туура келиши керек. Жадагалса, мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлердин, техникалык персоналдын эмгек маяналары, пенсионерлер менен майыптардын жөлөк пулдары көтөрүлүп турганынан тышкары, монополияга каршы комитет баалардын негизсиз өсүшү менен тынымсыз күрөшүп турушу абзел! Фермерлерге берилип жаткан жеңилдетилген кредиттер дагы деле ачык болбой жатканын дыйкандар өздөрү да айтып жатышат. Мамлекет фермерлерибизди материалдык жактан жакшы колдоп бербесе, анда биздин дүкөн-базарларыбызда коңшу өлкөлөрдүн жер-жемиштери жана азык-түлүктөрү үстөмдүк кылат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер