Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирзат Муканов: “Сезим, сен бактылуу болбосоң, менден токмок жейсиң”

Мирзат Муканов: “Сезим, сен бактылуу болбосоң, менден токмок жейсиң”

13-август, 14:00
4 790 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Мирзат Муканов балдызы, тагыраагы Гүлбү Ороскул менен Элмирбек Иманалиевдин кызы Сезимди турмуш жолуна узаткандарын айтат:

“Сезимибизди турмушка узаттык. Улуулардын кеп-кеңешин алып, мурдатан макулдашылган убакытты кийинкиге калтырбастан, жакшылыкка үмүт кылып, кызыбыздын жолун буубай, өз бүлөсүнө тапшырдык.

Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, той бериштен жеңил нерсе жок, бүгүнкү “пулуң болсо, кулуңмун” заманда. Бирок, шартка жараша эң жакындардын коштоосунда гана бата алдык. Куда-кудагый абдан сонун кишилер экен. Тойдун эртеси эле Өзгөнгө үйүнө барып, сыйын да көрүп келдик. Бул утур телефон чалып сурап жаткан менин кесиптештерим үчүн маалымат болду.

Эми Сезимим менен Бексултаныма кааларым – кем болбогула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, тукумуңар көбөйсүн! Айзуура эжеңер экөөбүз силер үчүн ар дайым колубуздан келгенин аянбайбыз.
Сезим, Жажапэй, мен сага ар дайым айтам, “Сен бактылуу болууга татыктуусуң!” Болбой эле көрчү, токмок жейсиң.
 Бизге моралдык колдоо көрсөтүп, кашыбызда болгон жакындарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакшы сөз арнагандарга ыраазы болобуз”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер