Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арсланбек Малиев, ЖК депутаты: “Бишкекке метро курулмайынча, тыгын маселеси чечилбейт”

Арсланбек Малиев, ЖК депутаты: “Бишкекке метро курулмайынча, тыгын маселеси чечилбейт”

13-сентябрь, 18:00
565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арсланбек Касымакунович, шаардагы тыгын маселесин кантип чечүү керек деп эсептейсиз?

-Мен муну сессияда да айткам, азыр дагы кайталайм. Бишкекке метро куруш керек. Метро курулмайынча, тыгын маселеси чечилбейт. 

-Ага каржылык чама-чаркыбыз жетеби?

-Мүмкүнчүлүк бар бизде. Кредит алса болот. Бул бир. Экинчиси, инвесторду чакырып, 20-30 жылга бериш керек. Метрону куруп, пайдаланып, өзүнүн акчасын кайтарсын. Айтор, жолдору бар. Аракет гана кылыш керек. 

-Демек, метро куруу биз үчүн реалдуу экен да?

-Реалдуу. Мына, Алматыда бар. Ташкентте бар. 

-Макул, метро куруп баштадык дейли, бирок ал көп убакытты талап кылат эмеспи. Ага чейин тыгын маселесин кантип чечебиз?

-Шаардын бийлиги, андан сырткары, министрлер кабинети бар. Ошолор чечишсин. Ойлонуп, ыкмасын табышсын да.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер