Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Батыралиев: “Өлүмдөрдүн, оорулардын саны өсүп жатат, кошуна Казакстанда абал оор”

Талант Батыралиев: “Өлүмдөрдүн, оорулардын саны өсүп жатат, кошуна Казакстанда абал оор”

01-апрель, 11:41
1 426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Пандемияга байланыштуу чектөөлөр башталды. Учурда биздин өлкөгө бул керекпи?

-- Пандемия өлкөнүн алкагында эпидемия катарында колдонулуп, тилекке каршы, дүйнөдөгү проблема бүгүн кеткен жок. Өлүмдөрдүн, оорулардын саны өсүп жатат. Ошондуктан бүгүн коңшу Казакстандагы абал оор. Режим күчөтүлдү. Түркияны алсак, карантиндик саат киргизилип, демалыш күндөргө тыюу салынды. Бирок туристтерге эч кандай чектөө коюлган жок. Өлкөдөгү акыбалга жараша алдын ала иштерди алып барбаса, эртең абал оорлошуп кетиши ыктымал. Эл менен тыгыз иштешүү шарт. Элдин экономикалык абалы оорлошту. Жөн эле карабай, көп тараптуу анализ кылып, эң негизгиси, эл арасында ковиддин жайылышын токтотуу үчүн колдон келген бүт чараларды колдонуп, элге эмдөө боюнча туура иш жүргүзүү шарт. 

-- Вакцина боюнча каршы пикирлер көп, айрыкча динчил адамдар таптакыр каршы. Мамлекет кандай чара көрүшү шарт?

-- Эмдөө боюнча элге түшүнүк берүү – учур талабы. Кытайдан 75 миң адамга жетерлик 150 миң вакцина келди. Дүйнөнүн 46 өлкөсү тааныган, каалаган орус туугандардын вакцинасы бар. Ошолордун ичинен карап, улуттук деңгээлде мамлекеттик программа иштеп чыгып, тез арада эмдөө иштерин жүргүзбөсө болбойт. 

Оорулардын саны көбөйүп, өлүмдөр болуп жатканын айтып, элге терең түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө, “мынча вакцина алдык, көп адамга саябыз” деген сөздөр менен элдин кооптонуусун азайтуу оңой болбойт. Эл алдына чыгып, суроолорго түшүнүктүү, так жооп берүү зарыл.  

Динчилби, динчил эмеспи, пандемия деген – дүйнө элин кооптондурган согуш. Согушка каршы күрөшкөндө бүткүл адамзаттын маңдайына ковид чыгып жатат. Ошол ковидден кутулуп, анын жайылуусунун алдын алуу үчүн мамлекеттик штаб бир чечим кабыл алат. Ал чечим бүткүл жарандарды каалайбы-каалабайбы, түшүндүрүү иштери менен эмдөөнү 70% адамга жеткиришибиз шарт. Эртең ал динчил адамдар албай коюп, дартты кайра көбөйтсө, жоопкерчилик кимде болот? Мындай учурда мамлекет элдин саламаттыгын коргоп калышы керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер