Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калк кадырманы Турсунбек Акун жүрөк өйүгөн суроолорго жооп береби?

Калк кадырманы Турсунбек Акун жүрөк өйүгөн суроолорго жооп береби?

26-август, 17:17
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиз “Азия Ньюс” гезитинин кабарчысы Айнура Мырзабекованын (“Азия Ньюс”, 18-июль 2024-жыл) Кепмир-Абад боюнча берген суроолоруна жооп бергениңизде: “Прокурор 20 жыл сураганда, президент колдойт” деп ойлошкон. Садыр Жапаров да, Камчыбек Кыдыршаевич да “кемпирабадчылардын” абалын жакшы түшүнүштү” депсиз. Макул. Буга чейин “кемпирабадчылар” 1 жыл, 10 ай түрмөдө жатканда, Садыр Нургожоевич алардын эмне себептен камалып жатканын билчү эмес беле?

“Кемпирабадчылардын” дээрлик баардыгы кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай белгилүү адамдар. Буларга карата прокурор 20 жыл сурап жаткандан кийин, булардын ишинде бийликке карата кылмыш бар беле? Башкача айтканда, ата-бабабыздан калган кыргыз жери болгондуктан, эмне үчүн “Кемпир-Абадды” Өзбекстанга сатып жибердиңер?” деген доомат коюштубу бийликке?

Эгер сатылбаган болсо, “жакшы коңшу бололу” деп президент “Кемпир-Абадды” Өзбекстанга белек кылып бергенби?

“Кемпир-Абад” Өзбекстанга сатылып кетти. Болгула, тургула, төңкөрүш жасап, жерибизди сактап калалы!” деп эл ичин дүрбөтүп, үгүттөп жүргөндө кармалганбы бул отуз адам?

“Кемпирабадчылар” “эл алдында ачык сот кылгыла” деген катуу талап койгондо, эмне үчүн судьялар ачык сот жасай албай коюшту?

Мен жогорудагы суроолорду жөн эле кычаштык кылып берип жатканым жок! “Кемпир-Абад” маселеси көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калды. “Жер – мамлекеттин негизи. Жерди сатууга болбойт” деп айткан экен Манас атабыз. (Орозбек Айтымбетов, “Кара Кыргыз тарыхы”, 1-том).


Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой Көчөсү, №19. 

Тел.: 0706-33-88-04

9-август, 2024-жыл 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер