Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбеков: “Кыргызстандын 4 аймагында өзгөчө абал режими узартылат”

Жээнбеков: “Кыргызстандын 4 аймагында өзгөчө абал режими узартылат”

28-апрель, 14:15
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков башында турган коопсуздук кеңешинин жыйынында 1-вице-премьер Кубатбек Боронов жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өкмөт, баардык мамлекеттик органдар, коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер