Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытайда каза болгон студенттин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам керек

Кытайда каза болгон студенттин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам керек

31-март, 12:16
1 660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын Шанхай шаарында билим алып жүргөн мекендешибиз Шадыканов Бексултан жол кырсыгынан улам каза болгон. Анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты керек болуп жатат. Бул тууралуу  “Барометрге” каза болгон баланын жакындары кайрылды.

Маалым болгондой, кырсык 28-март күнү болгон. 22 жаштагы кыргызстандык Шадыканов Бексултан мотоцикл менен келе жатып, бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Рулду маркум мекендешибиз башкарып бара жаткан. Жанында дагы бир бала болгон. Ал Тажикстандын жараны. Ал оор абалда ооруканга жеткирилип, операция жасалган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жатат.

Шадыканов Бексултан Жалал-Абад шаарында туулуп, өскөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Ал Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили факультетинде эки жыл билим алып, эки жылын Кытайдан окуу үчүн кеткен. Эки жылдан бери ата-эне, бир туугандарынан алыста билим алып жүрүп, минтип кырсыктан каза болуп калды

Каза болгон Шадыканов Бексултандын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө чоң суммадагы акча каражаты керектелет экен. Жакындары Кытайда эмгектенип жүргөн мекендештерден, жалпы кыргыз элинен жардам сурап кайрылып жатышат.

4169585341945771 VISA OPTIMA

9417018713364834 ЭЛКАРТ

4172210079024310 DEMIR VISA

0777236327  ЭЛСОМ

Суроолор боюнча байланыш телефону: 0500-55-88-05
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер