Көпүрөдөн боюн таштаган кыз тууралуу маалымат жана окуянын себеби...
Ал мындай кадамга жигити менен урушуп кеткенден улам барган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ал эми видеодогу кыздын жанындагы бала ошол жерде эс алып жүргөн. Кыз көпүрөдөн боюн таштайм дегенде бала куткарып калууну ойлогон. Ал бийиктиктен улам башы айланып жөрмөлөп кызга жакындап калганда, кыз боюн таштап жиберген. Ал жерге кыз жалгыз барган. Жигитине таарынып барып, анан көпүрөдөн боюн таштаган. Жигити менен курбусу издеп баргыча ушул иш болуп жатат", - деп билдиришти.
Маркум жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, турмушка чыккан эмес".