Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Базарбай Мамбетов: “Жерүй кенинде да Кумтөрдөгү канадалык компания бизди алдагандай эле көрүнүш болуп калды”

Базарбай Мамбетов: “Жерүй кенинде да Кумтөрдөгү канадалык компания бизди алдагандай эле көрүнүш болуп калды”

21-март, 20:51
5 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Көптөгөн каршылыктар, талаптар болду. Ага карабай Жерүй кени президентибиз Садыр Жапаровдун катышуусу, Россия президенти Владимир Путиндин онлайн байланышуусу менен ачылууда. Ар убак калыс пикириңизди айтып жүрөсүз. Жерүйдүн иштөөсү боюнча да пикириңизди уксак?..

-- 2015-жылдын 4-майында Жерүй туура эмес жол менен Бажаев башында турган "Восток-геолдобыча" компаниясына берилген. Биз Жерүйдү берип жатканда эле жакшы келишим түзүшүбүз керек эле, бирок андай болгон эмес. Ал жакта чыгып жаткан алтындын канча пайызын Кыргызстан алып калары так жазылышы шарт эле. Бирок жазылбай, “Восток-геолдобыча” бизге Жерүйдү иштетүү үчүн жарыяланган конкурста жеңип алгандыгы үчүн 100 млн. доллар берген. 

Эми ошол 2015-жылдан бери Жерүй туура берилгенби, же туура эмес берилгенби – ошону тактап, бир жыйынтыкка келе албадык. Биздин ал-акыбалыбызды көргөн Россиянын компаниясы 100 млн. доллар төлөп берип туруп, “Жерүйдөн чыга турган 100 тонна алтын бизге тийешелүү. Кыргызстанга эч нерсе бербейбиз” деген ой менен иш кылып жатышат. Ошол жердеги 100 тонна алтын 5 млрд. доллар турат. Учурда алтындын баасы дагы көтөрүлүп, адистердин айтымында, 100 тонна алтындын баасы 6,2 млрд. долларга жетти. 

Биз эч нерсе чара көрбөгөн соң “Восток-геолдобыча” 3-4 жыл ичинде 170 млн. доллар коротушту да, азыр эми ээлик кылып, президентибиз Жерүйгө барып, Путин менен бирге видео ачылыш жасаганы турат. 

Талас өрөөнүнүн эли кандай пикирде билбейм, бирок адис катары менин оюм  чыккан алтындын 40%ын Кыргызстанга калтырып, анан иштей берсин (!) деген ой-максатта элек. Тилекке каршы, “Восток-геолдобычанын” кишилери Москвада отурушат. Путиндин тегерегиндеги адамдарга айтышып, баарын ишендирип коюшкан, “туура иш жасалып жатат” деген пикирде калтырышып... 

Биздин Садыр Жапаров Россияга барганда Жерүйдүн тагдырын, болуп жаткан иштерди Путинге айталбай келди го? Ага айтса түшүнөт эле. Эки-үч күн мурун Путин бизнесмендерди кабыл алды, Бажаев дагы жүрөт. Мындай болбош керек эле. Азыркы президенттин бул кылганы жакшылыкка алып келеби? Жерүй кениндеги иш Кумтөрдөгү канадалык компания бизди алдап, 13% үлүш бергендей эле маселе болуп калды. Бул өтө өкүнүчтүү...


Гүлжан Төрөбаева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер