Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Строкова менен Карасартованын кайым айтышы эмне менен аяктайт?

Строкова менен Карасартованын кайым айтышы эмне менен аяктайт?

04-декабрь, 12:35
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Евгений Строкова Рита Карасартованын декабрдын башында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалышын сынга алды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат  Е.Строкова премьер-министрдин кадрдык саясатына абдан таң калып жатканын айтты:

"Билим берүү тармагына Рита Карасартова сыяктуу бүлдүргүч кишилер дайындалып жатат. Кайсы жакта туруксуздук болуп жатканын сезет. Азыр аны кесиптик билим берүү агенттигине эмнеге коюшту? Аны билим берүү тармагын кыйратуу үчүн алып келиштиби? Мен премьер менен Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз сезип кетип жатам. Алардын сырты эле кыргыз болбосо, ичинде эмне бар экенин бир кудай өзү билет. Алар өсүп келе жаткан муун тууралуу ойлонбойт. Эмне, биздин балдар Улуу Ата Мекендик согушту Америка жеңген деп калышын каалап жатабызбы?" — деп депутат суроо салды.

Карасартова ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтып, депутат Строковага жооп кайтарды:

- Аябай капа болгонум - биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка кааларым - жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын.

Эскерте кетсек, Рита Карасартова кечээ, 3-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматына келди. Анын бул кызматка келиши коомчулукта бир топ талкуу жаратууда.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер