Кыргызстанда ВИЧ оорусуна чалдыккандардын саны 10 миңден ашат
1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленди.
Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын адистер коңгуроо кагышат. Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адам. Алардын 2013ү каза болгон. Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар.
Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.
Ал эми адистер расмий каттоого турбай, оорусун билбей жүргөндөр бар экенин, бул дартка кабылгандардын саны азыркы эсептен алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтышат.
ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД.