Дүйнө дүрбөлөңү – 2

Байкуш Жакынкы Чыгыш же Кичи Азия! Шору каткан чөлкөм экен. Аталган аймак акыркы 100 жылда кыйраткыч согуштан арыла албай келүүдө. Канчалаган адамдардын каны төгүлдү?! Ар бир кейиштүү тарыхый окуялардан кийин саясатчылар “ана-мына, эми тынчтык орнойт” деп калышат. Биздин бул жолку баяныбыз аталган аймактын дагы бир “ысык очогу” катары таанымал болгон Сирия Араб Республикасынын айлана-чекесиндеги соңку окуялар жөнүндө болмокчу!
Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында дүйнөнү дүңгүрөткөн дагы бир окуя болду. Сирияны баш-аягы болуп 54 жыл башкарышкан президенттер – ата-бала Хафез менен Башар Асаддардын бийлиги бир түндүн ичинде эле кыйрап калды! Мындай тарыхый антифеномен акыркы эки кылымда алгачкы жолу болуп отурат. Эмнеге? Кандай сыйкырдуу күч мындай ийгиликке жетише алды? Кунт коюп, анализ жүргүзүп отурсаң, Сириянын бир заматта эле дүйнө картасынан жок болуп кетүү коркунучуна кептелип калуусунун себебине бир өңчөй баа берүү өтө эле кыйындай сезилет.
Сирия мамлекетинин карт тарыхын карап көрсөң, бул өлкө ар дайым эле согуш коркунучунда жашап келгендигине көзүң жетет. Сирия адамзаттын тарыхында уникалдуу орду бар аймак. Бул өлкө азыркы түшүнүк менен караганда, болгону 70 жашка чыгып отурат. Бирок, анын цивилизациясы б.з.ч. IV кылымдан бери башталат. Ал эми анын борбору Дамаск элдер туруктуу отурукташкан эң байыркы шаарлардын катарына кирет. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык Сирия мындан 10 миң жылдар алдын эле керамикага чейинки неолит доорунун борборуна айланганына ынанасың. Баарынан кызыгы, б.з.ч. 3000 жылдыкта Сириянын аймагында шумер-акад цивилизациясына таандык болгон семиттик Эбла аттуу шаар-мамлекет пайда болгону далилденген. Ал б.з.ч. X-VIII кылымдарда атактуу жана кубаттуу Арамей падышалыгынын расмий борбору эле. Ошол доордун 739-жылдары Сирияны ассириялыктар басып алышкан Ал эми 332-жылдан тарта Сирия улуу Александр Македонский түзгөн падышалыктын карамагына өткөн.
Сирия биздин замандын доорунда деле көптөгөн согуштук азаптарды башынан кечирди. Мисалы, 635-жылы аны арабдар талкалап туруп, ээлеп алышкан. Анын калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулман динин кылычтын мизине башын салып берип багынган. Дамаск 660-750-жылдары халифтердин борбору катары гүлдөп өстү. Бирок, арабдарды Чыңгызхандын тукуму Хулагухан таш-талканын чыгарып талкалагандан кийин Дамаск менен Алеппо монголдордун карамагына өткөн. Андан соңку кезек Египет султаны Сайфуддин Кутузга келип, мамлюктар Сирияны 1517-жылга чейин басып жатышкан. Акыры Осмон империясынын атактуу султаны Селим I шору каткан Сирияны узак мөөнөткө баш ийдирип, каардуу шартта катуу бийлеген. Анын тушунда өлкө башкарууга ыңгайлуу болуп, 4 провинцияга бөлүнгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда хиджаздык арабдар баскынчы англичандарга жармаша коюшуп, Сирияны осмондордон тартып алышкан. Арабдардын падышасы Фейсал ибн Хусейн 1918-жылы Дамаскка улуу боштондук алып келген аскер башчысы катары чоң жагалдануу менен кирген. Баарынан кызыктуусу, француздар 1920-жылы Улуттар Лигасынын жасалма мандатын ала коюшуп, 60 миң сандагы аскерлери менен Сирияны бастырып киришип, “көйрөң” Фейсалды Сириядан дыргаяктатып кууп чыгышкан.
Сирия үчүн 1946-жылдын 17-апрели улуттук майрам катары эсептелет. Анткени, дал ушул күнү өлкө француздардан көз карандысыздыкты алышкан. Бирок, француздар арабдарды каалагандай кылып федеративдик республикага бөлүп салышкан. Бул жерде диний жана көп улуттуу мамлекеттин жасалма макети таңууланган. 1958-жылы Сирия Египет менен жакындап, Бириккен Араб Республикасын түзүүгө умтулган. 1973-жылы Сириянын башына төңкөрүш аркылуу Хафез Асад президент болуп алат. Ал өзү түзгөн БААС саясый партиясына таянат. Хафез өлгөндөн кийин анын уулу Башар Асад Сирияны 24 жыл бийлеп турду. Акыры 2011-жылы “араб жазы” аттуу эл аралык авантюранын шарапаты менен Сирияда жарандык согуш башталган.
Биз бул жерде Сириянын карт тарыхынын олуттуу эле окуяларын “чөп башылап” өттүк. Илимде бул өлкөнүн башаты Ефрат өрөөнүнөн башталып, 2,0-1,7 миллион жыл мурдагы доор менен байланышат. Тарыхта б.з.ч. 10 миң жыл илгери так ушул жерде мал чарбачылыгы менен дыйканчылык биринчи жолу пайда болгон деген версия бар. Сирия жөнүндөгү маалыматтар Библия менен Куранда да кеңири берилген. Бул өлкөнү басып алып, анын жарандарын түрдүү тарыхый өзгөрүүлөргө дуушар кылган сырткы империялардын саны арбын. Ошондуктан, байыркы Сирияны эллинисттик Сирия, Рим Сириясы, византиялык Сирия деп атап келишкендиктери да бекеринен эмес. Ал эми орто кылымда болсо, аталган өлкөгө байыркы доордон да катаал болгон тагдырлар таңууланган. Мисалы, араб халифаты, түрк-селжуктардын үстөмдүгү, “чырымчылардын” (крестовые походы) ырайымсыз жана жапайы жортуулдары, мамлюктардын султанатынын баскынчылыктары, Осмон империясынын доору! Аталган баскынчылык мезгилдерде Сириянын аймагында, албетте, диний кагылышуулар актуалдуу болгон. Демек, элдин дүйнө таанымы жана ага болгон көз карашы тынымсыз өзгөрүүлөргө дуушар эле. Конфессиялар аралык араздашуулар негизинен монотеисттик катары эсептелишкен авраамдык диндер: христиандар, иудаисттер, о.э. мусулмандардын ортосунда жаралган.
Сириядагы андан кийинки окуялар бекер байлык десе жаны жай албаган Европа менен байланыштуу. Өлкөнүн чыныгы көз карандысыздыгына бет алган аракеттер 1940-жылдан башталат. Анткени, Франция менен Англиянын Сирияга карата баскынчылык саясаттары солгундап, башында Шукри аль-Куатли, жана улутчул маанайдагы Халед-аль Аземдер турган жергиликтүү патриоттордун улуттук блогу түзүлөт. Алар дароо эле парламенттик шайлоо уюштурушат жана алгачкы жеңүүчүлөр деп табылышканы кызык. Шукри Куатли Сириянын биринчи президенти болуп шайланат. Өлкө дароо БУУ менен Араб мамлекеттеринин лигасына расмий мүчөлүккө катталат. Бирок, бекер оокатка кыныгып алышкан француздар менен англичандар империялык адаттарынан баш тартышпай, Сирия элине кысымды күчөтүүлөрүн уланта беришкен. Натыйжада, 1945-жылдын 19-майынан баштап Алеппо, Хомс жана Хама шаарларында куралдуу кагылышуулар башталган. Борбор шаар Дамаскты империалисттер эки күн бою тынымсыз артиллериялык абадан бомбалоого алышат. Көптөгөн жарандар набыт болушкан. Акыр аягында 1946-жылдын 17-апрелинде француздар менен англичандар Сириядан аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болушкан. Ушул күн бүгүнкүгө чейин улуттук майрам катары эвакуация күнү деп белгиленип келет.
Сирия эли салыштырмалуу тынчтыкта эки жылга жетпей эле жашады. Андан соң, 1948-жылдан январынан тарта “араб-израиль согушу” тутанып, алардын башына кайрадан каран күн түштү. Палестина арабдарына жардам берүү максатында Сирия согушка толук кандуу тартылып кетти. Натыйжада, израилдик армия сириялыктардын бир топ жерлерди ээлеп алууга жетишишкен. Акыры, айла жоктон 1949-жылдын 20-июлунда Израиль менен Сириянын ортосунда Табышуу макулдашуусуна кол коюлган. Ошентип, арабдардын согуштан ызалуу жеңилүүсү Сириянын ичиндеги саясый кырдаалды терең кризис абалына алып келип такап койду. Натыйжада, өлкөнүн ичинде перманенттик түрдө мамлекеттик төңкөрүштөр орун алды (мындай опурталдуу кырдаалды биз, кыргызстандыктар 2005-2010-2020-жылдары башыбыздан өткөрдүк го?). Бир эле 1949-жылы Сирияда үч мамлекеттик төңкөрүш болуп кетти. Биз жогоруда сөз кылган улутчул лидер Шукри аль-Куатлинин өкмөтүн агрессивдүү маанайдагы согушчан полковник Хусни аз-Заим баштаган аскерлер өлкөдөн кууп салышты. Бирок, төрт ай өтпөй эле ал диктаторду “эки дос” согушчандар Сами аль-Хиннави менен Адиб аш-Шишаклинин козголоңчулары дыргаяктатып куушту. Ошол эле жылдын декабрь айында Сириянын президенттик кызматын тажрыйбалуу саясатчы Хашим Халид аль-Атаси ээлеп алды. Эми шору каткан өлкөнү жалаң гана согушчандар башкарып кала турган коркунучтуу кырдал түзүлдү.
Сириянын ичиндеги узакка созулган саясый туруксуздук 1954-жылы дагы бир төңкөрүшкө алып келди. Бул сапар улуттар аралык жаңжал башталат. Тактап айтканда, Сирияда кылымдар бою жашап келишкен друздар өздөрүнүн укуктары жана келечектери үчүн агрессивдүү маанайда баш көтөрүштү. Аларды аёосуз баскан мурдагы президент Шукри аль-Куатли президенттик такка кайра келип отуруп алды. Өзү друздар деген кимдер? Эмне болгон эл? Жооп издеп көрөлү. Друздар араб улутунун эле өзгөчөлөнгөн этностук, конфессионалдык бир тобу болуп эсептелет. Алар негизинен Ливанда, Сирияда, Иорданияда, Израилде жашашат. Эмиграцияга өтө ыңгайлашкан улут катары дүйнө кезип кеткен эл. Мисалы, бүгүнкү күндө алардын өкүлдөрү АКШ, Канада, Франция, Англия, Батыш Африка жана Кариб бассейнинде кадимкидей эле отурукташып жашап келишет. Алардын динин друизм деп атап коюшат. Мусулманчылыктын шииттик агымына киришет. Болгондо дагы исмаилиттердин сектасына таандык катары эсептелинишет. Бирок, алар орто кылымда эле исмаилиттер менен араздашып кетишип, өздөрүнчө өзгөчөлөнгөн сектаны түзүп алышкан. Өздөрүн “Мувахуддин – эң таза бирдиктүү гана Кудайды тааныган элбиз” деп аташат. Алар өз динине сырттан бир дагы чоочун элди кабыл алышпайт. Инсандын атасы менен энеси сөзсүз друз болуш керек. Друздардын жалпы саны 1,5 миллионду чамалайт. Ал эми алардын Сириядагы жалпы саны 800 миңге чейин. Друздар негизинен Сириянын Джебель-эд-Друз районунда жашашат. Алардын администрациялык борбору Эс-Сувайда шаары.
Друздар менен конфликтке батып алган Шукри аль-Куатли өзүнө пайда издеп, 1958-жылы Гамаль Абдель Насер жетектеген Египет менен биригүүнү көздөгөн. Натыйжада Бириккен Араб Республикасы (БАР) түзүлгөн. Бирок, 1961-жылы Сирияда кезектеги согуштук төңкөрүш орун алып, алар БАРдан чыгып кетишкен. Сириялыктардын ушул кадамдары өздөрүнүн баштарына катуу муш болду. Анткени, кезектеги согуштук төңкөрүштөр кайрадан күч алды. 1963-жылдын март айында Сириянын башына БААС партиясы келди. Натыйжада өлкө советтик социализм моделин медер тутуп, солчул багытка бет алды. Эми БААС дегени эмне? Кыскача маалымат мындай: бул саясый партиянын расмий аталышы “Араб социалисттик кайра жаралуу партиясы” деп аталат. Сириянын тарыхында жамандык менен жакшылыктын катарлаш себептерине шайкеш болгон партия. Аны 1947-жылы Мишель Афляк, Саладдин Битар жана Заки Арсузилер негиздешкен. Партиянын негизги маңызы – бул араб социализми менен панарбаизмдин аралашмасы. БААСты ушундай катуу даңазалоонун натыйжасында ал бүткүл араб өлкөлөрүнө тарап кеткен. Анткени, алардын идеологдору “Биримдик, Эркиндик, Социализм” деген чакырыктарды таңуулашып, бүткүл дүйнөлүк арабдардын башын бириктирип туруп, социалисттик коомду курууга багыт алышкан. Натыйжада, БААС 1963-жылдын 8-февралында Иракта жана ошол эле жылдын 8-мартында Сирияда төңкөрүш жолу менен бийликти ээлеп алышкан. Баарынан кызыгы, 70-жылдардын башында БААСтын сириялык жана ирактык бөлүмдөрү Советтер союзунун КПССи менен “Прогрессивдик блок” аттуу лозунгдун алдында бир туугандык келишимдерди түзүшкөн. Бирок, 1979-жылы Иракта Саддам Хусейн бийликке келер замат, БААС менен коммунисттердин ортосунда от чыгып, ирактык коммунисттер катуу куугунтукка тушугушкан. Буга нааразы болгон КПСС Иракка салкын мамиле жасоого өткөн. БААС париясынын араб өлкөлөрүнө тийгизген түз таасири эбегейсиз зор. Анын таасири астында Ирак, Сирия, Йемен, Иордания, Ливан, Судан жана алтургай Сауд Арабиясында кадимкидей бийликти мыкчып кармап турушкан. Аз да болсо БААСтын таасири Алжир, Эритрея, Палестина, Тунис жана Бахрейн өлкөлөрүнө тийип турган.
(Уландысы кийинки санда)
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити