Акыркы кабарлар
» Коом » “Британ” вирусу келбейт дегенге кепилдик жок
“Британ” вирусу келбейт дегенге кепилдик жок
12-январь, 19:03
1 313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавирустун жаңы “британ” түрү 70 пайыз жугуштуу. “Ал Кыргызстанда катталбайт” эч ким кепилдик бербейт.
Бул тууралуу “Биринчи радиого” профессор Талант Сооронбаев билдирди. Анын белгилешинче, азырынча оорунун канчалык коркунучтуу экендиги тууралуу так маалыматтар жок. Дүрбөлөңгө түшүү кажетсиз. Анткени вирустар жаратылышынан өзгөруп турууга жөндөмдүү. Профессор акыркы кездери эл санитардык эрежелерди сактабай жаткандыгын баса белгилеп, ага көңүл бурууга чакырды.
Пандемия башталгандан бери 82 миң 380 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 003 киши айыгып чыкса, 1 миң 371 адам каза болду. Бугүн 12-январга карата дүйнө жүзүндө 91 миллион 200 миңден ашык киши жуктурду.