Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Коопсуздук маселесин биротоло кытайларга өткөрүп бердик”
Human Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда «Коомдун, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан жүздү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат. Ал маалыматтарды андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет – бул жагы белгисиз. Ички иштер министрлиги эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера алынып келип, орнотулуп жатканын мурда билдирген.
-- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытай өлкөсү тараптан орнотулуп жаткан камералар сизди кандай ойго салууда?
-- Биз эгемендүүлүк жылдарында өндүрүштү биротоло талкалап бүттүк. Инженер, технолог жаратмандык ишкер деген түшүнүк коомубуз үчүн жат көрүнүш болуп калды. Билимдүү, таланттуу мекендештерибиз акыркы үч жылда өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетип жатат. Азыр видеокамералар менен шаарлардын же жалпы эле өлкөнүн коопсуздугун кароо эч кандай деле жаңылык эмес. Санариптик технология болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Биз болсо бул технологияны негизинен кытайлардын колуна салып берип койдук, тилекке каршы. А чынында өзүбүздүн колубуздан чыгарбашыбыз керек эле. Коопсуздук маселесин биротоло кытайлар өз колуна алып алышты. Толук көз карандылыкка өтүп бара жатабыз. Башка түшүндүрмө болушу дагы мүмкүн эмес!
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити