Акыркы кабарлар
» Коом » Хабиб Нурмагомедовдун атасы токол алууга камданып жатат
Хабиб Нурмагомедовдун атасы токол алууга камданып жатат
19-ноябрь, 16:33
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап мусулманчылыктагы көп аялдуулук боюнча ойлорун айтты.
Хабибдин машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов «МИР» телеканалына курган маегинде экинчи жолу үйлөнүүгө камданып жатканын айткан.
Абдулманап Нурмагомедов: “Менин аялым бар. Аты Фатима. Ал жанымда болгондо өзүмдү жеңил жана эркин сезип жүрөм. Ал бар, экинчиси болот, үчүнчүсү болобу? Билбейм... Бир аял майып кишиде гана болушу мүмкүн. Айрыкча аялдарга урмат-сый менен мамиле кылуу керек”,- деди ал.
Эскерте кетсек, Абдулманап Нурмагомедов 57 жашта. Ал эми уулу Хабиб Нурмагомедов 31 жашта.
Aryba.kg