Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирустан жубайлар бир күндө каза болушкан
Коронавирустан жубайлар бир күндө каза болушкан
14-сентябрь, 17:14
739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌АКШнын Түндүк Каролина штатында 48 жыл чогуу өмүр сүргөн жубайлар коронавирус инфекциясын жуктуруп алышып, оорудан бир күндө каза болушкан. Бул тууралуу Батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
67 жаштагы Жонни Ли Пайкс жана анын жубайы 65 жаштагы Кэти Дарлен COVID-19 жуктуруп алышкан. Алар 30 күн бою илдет менен күрөшкөнүнө карабай, ооруну жеңе алышкан эмес. Дарыгерлер түгөйлөрдү сактап кала албастыгын түшүнүп, жубайларды бир бөлмөгө жаткырышкан. Жубайлар кол кармашкан абалда каза болушкан. Алардын өлүмүнүн аралыгы 4 мүнөттү түзгөн.