Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эми люстрацияга, тазаланууга барбаса, элдин көксөөсү суубайт!”

“Эми люстрацияга, тазаланууга барбаса, элдин көксөөсү суубайт!”

17-октябрь, 15:32
245 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый кырдаалга жараша люстрацияга барсак болот беле? Качанкыга чейин кошоматчылар, ар кандай иштерге шектүүлөр бийликте кала беришет?” деген собол таштадым. Өлкөбүздөгү болуп аткан кыйчалыш маал, анын мыйзамдуулук жолго түшүүсү менен катар люстрация, демек, коом тазалануусу да керекпи?..

Жамалбек Ырсалиев, коомдук ишмер:

-- Буюрса, өлкө мыйзамдуу жолго түшүп келе жатат окшойт. Биринчиден, парламент өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын бекитти. Эми президент кол койсо, анан жаңы шайланган өкмөт башчы өз күчүн көрсөтүп, элге берген убадасынын аягына чыгат деп үмүт менен күтүп отурабыз. Кыргыз өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар калк экенбиз. Эркиндикти ушунчалык сүйөбүз. Ал эми акыйкаттан тайган башчыларды ордуна коюп коёт. Ошондуктан, люстрацияга барбаса, элдин көксөөсү суубайт. Баарын мыйзам чегинде жасап, элдин келечеги үчүн каалагандай кадамдарга барууга шарт түзүлдү. Демек, азыр калк катмарынын үнүн угуш керек. Утурумдук кыйынчылык келгенде элден качкан, эли менен бир боло албаган аткаминерлерди тазалай турган кез келди.

Клара Ажыбекова, коомдук ишмер:

-- Абдан туура маселе. Бул конкреттүү түрдө болгону оң. “Эскилердин баары кетип, жалаң жаштар келсин” дегенде, мен философмун, диалектикмин, мындай бир преемственность (!) деген болуш керек. Мурунку жакшылардан жана жаңы муундан аралаш келүүсү абзел. Анан “эскинин бүт баарын жоготуп, жалаң жаңыларды апкелебиз” деген чоң жаңылыштык. Мурункулардан калтыра турган болсок, алардын коррупцияга аралашканын, жаман нерселереге шектүүлөрүн жолотпой, арты тазаларды калтырган оң. Биздин арабызда турмушту билген, тажрыйбасы мол, улуу муундун көсөм адамдары жок эмес. Марксист, диалектик адам катары бир мисалды айта кетейин. Социализмден каптиализмге өтүп атканда баарыбыз билебиз, “колхоз-совхоздун баарын жоготуш керек” деп атып, акыры эмне болдук? “Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок” дегендей, сызга отуруп калдык. Саясатта болобу, экономикада болобу, социалдык сферада болобу, ар бир жаңы нерсе мурункунун эң жакшы нерселерин алып калыш керек. Ошонун ичине кадрлар да кирет. Отунбаева, Текебаев, Куловго окшогондорду жакын жолотпош керек. 

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- “Люстрация” дейбиз, аны ким жасайт? Азыр люстрацияны жасай турган кайсы күч бар? Кайсы саясый партия, кайсы коомдук ишмерлер бар? Сыймык жасайбы же Жанар жасайбы? Люстрацияны бир киши жасап коё турган, же президент кабыл алып коё турган нерсе эмес. Буга аябай чоң саясый кыймыл керек. Кыргызстанды ушундай акыбалга алып келген адамдардын тизмеси түзүлүп, себептери аныкталып, катмар чогулуп, анан люстрацияга бирөө кирет, бирөө кирбей калат, бирөөнүн жаман жагынан жакшы жагы басымдуу жана тескерисинче болуп калган учурда баа бере турган күч болгону оң. Жөн эле “люстрация” деп кыйкыра бергенден пайда жок. Аны жасай турган өзүнүн процедуралары бар. Бүгүнкү күндө люстрация жасайбыз деп атып, “чылпагын алам деп көзүн оюп алган” сыяктуу тескери акыбалга апкелип коюшубуз ыктымал. Андан көрө саясый кооптуу кырдаалдан укуктук баага келип алалычы. Бирок, келечегинде люстрация сөзсүз керектүү нерсе!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер