Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Путиндин ордунда калышы бизге ыңгайлуу”
-- Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путинди президенттик кызматка талапкер катары каттады. Жеңишке жетишүүгө канчалык деңгээлде шансы бар?
-- Биздин элде “Жарадар карышкыр сак болот” же “Ок жеген арстан эч кимди аябайт” деген накыл сөз бар. Бүгүн Россия Федерациясынын президенти ушул абалда, украин улутчулдарын Россияга даярдап, АКШ кол алдындагы европалыктар менен советтер союзун талкалаган жолдун экинчи этабын баштап жатканын ачыктан-ачык Франциянын президенти, Улуу Британиянын ТИМи Россияга жүргүзгөн саясатын “Россия Украинаны жеңбеши керек, эгер Россия жеңсе, Батыш өлкөлөрүнө коркунуч туулат” деп айтышпадыбы. СССР талкаланганда коомдук мамлекет элдин кызыкчылыгынан дароо капиталисттердин үстөмдүгүнө өтүп, эл кыйналбады беле, же унутуп калдыкпы?
Алыс кетпейли, Канада компаниясы кыргыз элине таандык болгон алтынды алып кетти, мындай көрүнүштөр чабал мамлекеттерде кылымдар бою орун алып келген. Батыш 54 мамлекетти жана Россияны кошо багындырып, өздөрүнө көз каранды кылып, 20дан ашык жаңы мамлекетти уюштуруп, Россиянын эбегейсиз байлыгына ээ болгусу келет. Биздин элибиз каалашындай эле Россияда иштеп жашап атпайбы. Ошондой эле ажобуз Россия менен элдин муктажчылыгына жараша саясат жүргүзгөндүктөн, чек арадан баштап, тамак-аш, дары-дармек, илимий-техникалык жардамдар болуп жатат. Эгер Батыш үстөмдүк кылып кетсе, элибиз он-жыйырма эсе кыйынчылыкка кабылат.
-- Россия–Украина согушу Кыргызстан үчүн кандай залакасын тийгизүүдө?
-- Азыр ички-тышкы либерал саясатчылар Путинге чабуул коюшуп, кол алдындагы масмедианы күнү-түнү колдонуп, элди Путинден баш тарттырууга аракет кылып жатышат. Бүгүн Путинди кетире алышса, анда Россия олигархтардын мамлекети болот. Ошондуктан Путиндин ордунда калышы бизге ыңгайлуу.
"Азия Ньюс" гезити