Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Балыкчы ШИИБ начальнигинин кылмыш иши жабылбайт”

-- Эрулан мырза, сиз Балыкчыга барып, жол кырсыгынан жабыркаган кыздын абалынан кабар алып келген экенсиз. Окуянын чоо-жайын, кырсык кандайча болгонун биле алдыңызбы?
-- ШИИБнин начальниги мас абалында кызматтык машинасына башка номер тагып алып, айдап баратып, кичинекей кызды сүзүп кетет. Сүзөт да, кызга жардам бербей, үйүнө барып бекинип алат. Мен барганда бир тууган иниси “мен сүздүм” деп мойнуна алган. Кантип сүзгөнүн сурасам, “видеочалуу менен сүйлөшүп баратып, кызды көрбөй калыпмын” деди. Телефонун алып карасам, чындап эле саат экиден он беш мүнөт өткөндө досу менен 5 мүнөт 17 секунд сүйлөшүптүр. Мен адегенде ишендим. Ага чейин сүзүп кеткен видеосун көрө элек болчумун (кичинекей кыздын азап тартканын көргүм келген эмес). Ошондон кийин отуруп, карап көрсөм, айдоочу ал кызды саат бирден элүү үч мүнөт өткөндө сүзүп атат. Ошол дал келбестиктен улам чындык чыкты, кызды ал эмес, агасы сүзгөнү белгилүү болду.
Бирок, эң таңкалычтуусу, мен барганда алгач кылмышты мойнуна алган кишини таба алган жокмун. ШИИБдегилерден сурасам, “прокуратурада” дешти. Прокуратурага барсам, “ШИИБде” дешти. Айтор, жүз чакты киши бирде тиякка-быякка барып отуруп, аны түнкү саат экиде гана таптык. Бир милиционердин айтымында, ага чейин үйүндө эле отуруптур. Биз баарыбыз тааныш-билиш дегенге көнүп калганбыз да. Чоңураак, таасирдүүрөк киши жасаган кылмыштар билинбей калат. Ал эми жөнөкөй адам жасаса дароо эле ИВСке отурмак.
-- Кыздын атасы “доом жок” деп тосмо арыз жазган турбайбы. Эми иш жабылабы?
-- Жок, жабылбайт. Мен сөз берем. Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алууга тийиш. Эмне үчүн кызматтык машинада башка номер болгон? Эмне үчүн ШИИБнин начальнигинин бир тууган иниси “кызды мен сүзгөм” деп тергөөнү жалган багытка бурат? Мунун баары үчүн жооп бериши керек да.