Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Вирус жуктургандар он миңдеп токтобой көбөйүүдө”

Калдарбек Абдраманов: “Вирус жуктургандар он миңдеп токтобой көбөйүүдө”

08-июль, 19:14
1 088 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дал бүгүнкүдөй коронавирус апааты каптай турганын бир нече ирет эскерткен дарыгер Калдарбек агабызга кулак төшөбөй, кеңештерин укпай келгенбиз. Аягы иштин көзүн билбеген өкмөттүн кесепетинен элибиз кыйналып, ооруп жатышат. Күн өткөн сайын өлүмдөр арбыды. Мындан ары кандай болот?

-- Эки ай мурун сиз белгилеген коркунучтарга күбө болуп жатабыз. Дарт качан азаят, аймактарда алдын-алуу иштери жүрүп жатабы?

-- Азыркы эпидемиялык акыбал биздин элдин, өкмөттүн коронавируска болгон мамилесин аттын кашкасындай кылып, үнсүз, сөзү жок эле көрсөтүп койду. Өпкөсү сезгенгендер миңдеп көбөйүп жатканы – ошол вирустун чексиз тарап баратканынан болууда. Себеби, коронавирус алып жүрүүчү жарандар көчөдө миңдеп, он миңдеп токтобой көбөйүүдө. Эми мына, дагы эле той берип, тапкан байлыгын жөнү жок чачканга көнгөн, көчө өрттөнсө да камырабаган биздин эл болду. Өкмөт вирустун таралышын токтотуунун таасирлүү жолун таба албай алдастап жатат. Албетте, элдин аң-сезимин заматта оңдоо кыйын. Бирок эми туура уюштуруу ишин алып барса, азыр да кеч эмес, чоң каргашанын алдын алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү дале болсо бар. Демек, биз айтып эле жүргөндөй көп нерселерди убагында жасабадык. 

-- Аймактарда акыбал кандай болот? 

-- Аны баамдаш үчүн көзү ачык болуштун кереги жок. Эмне болорун “коронавирус жок” деп кыйкыргандардын да тизелери титиреп түшүнүп турушат. Эми “эшегине жараша тушагы” дегендей эле, “Кудай сактаса колдон келгенди жасайбыз” сыягында иш болот. Өкүнүчтүүсү – элибиз, өкмөт дагы эле эсине келбесе, бизди дагы чоң күтүлбөгөн жоготуулар тооруп жаткандай сезилет...

Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер