Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибрагим Жунусов: “Элчилерде көп сырлар бар, керек болсо аялдары да билбеши керек”

Ибрагим Жунусов: “Элчилерде көп сырлар бар, керек болсо аялдары да билбеши керек”

12-август, 19:30
846 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кечээ жакында эле бир элчибиз сын айтып, кызматынан кол жууду. Өзү мамлекеттик кызматта иштеп, бийликти сындаган канчалык туура?

-- Мамлекеттик кызматтын өзүнүн этикасы бар. Ал кайсы орунду ээлебесин, ошол эрежени сактоого тийиш. Ал эми элчилердики андан дагы жоопкерчиликтүү болушу керек. Албетте, сын айтыш оңой. Убагында биз деле сын айтып жүргөнбүз, азыр кээ бирөөлөр “эмнеге унчукпай калдың” деп сурашат. Элчилерде көп сырлар бар. Анын баарын көпчүлүк, керек болсо чогуу жашаган аялың да билбеш керек. Албетте, сынды айтыш керек, эгер өзүңдүн тармагыңда ишке туура эмес мамиле болуп жаткан болсо. Бирок, анын өз жол-жобосу, этикасы бар да. Бизде ошол этика сакталбагандыгынан көп аксап жатабыз. Мен акыркы жылдары Түркияда, Өзбекстанда иштедим. Бул эки өлкөдө тең мамлекеттик кызматтагы адамдарга элден өз деңгээлинде мамиле болот. Алар өз ордун билип, кызматын так аткарганы үчүн сыйлашат.

-- Мындай көрүнүш айрым учурларда элчиликке кесипкөй, компетенттүү кишилер эмес, кимдир бирөөгө иш таап бериш үчүн эле дайындалып калганынын натыйжасы эмеспи?

-- Бир чети ушундай. Кээде ошондой болуп калат. Кимдир бирөөнүн оозун жаап турууга, бул жерде көп сүйлөбөсү үчүн элчилике жиберген учурлар бар. Бирок, кандай болгон күндө дагы ал кызматка дайындалгандан кийин бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өз милдетин талаптагыдай аткарууга милдеттүү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер