Акыркы кабарлар
» Коом » Талант Мамытовдун тою ысырапкорчулук, мактаныч катары бааланды
Талант Мамытовдун тою ысырапкорчулук, мактаныч катары бааланды
21-ноябрь, 21:53


Депутат Талант Мамытовдун дүңгүрөтө той бергени – мактаныч, ысырапкорчулук катары бааланып, коомчулук тарабынан сындалды. Ат оюндарына 5 миңдей адамдын катышканын кандайча чечмелейбиз? Миллиондорду чапчыган байгелерчи? Шайлоо астында бийликти ишендирип, саясый упай алуубу? Азыр эл башка да. Алып-учуп той берүү деле “мода” эмес. Асыресе, коммерсанттык ой жүгүртүүбү? Кыскасы, Талант Мамытовдун шаан-шөкөтү соцтармакта айрыкча сынга алынды. Ушундан улам көпчүлүктүн да жактырбаганын баамдасак болот...
Элестеткиле, Кыргызстанда 2 миллион чамасындагы адам өтө кедей, нан-чай менен кезээрип күн көрүүдө. Башкасын айтып не?










