Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мира Жээнбекова: “Азыр Равшан байкем бааланбаганы менен тарых астында акталат”

Мира Жээнбекова: “Азыр Равшан байкем бааланбаганы менен тарых астында акталат”

25-октябрь, 19:30
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мира эже, агаңыз Равшан Жээнбековдун абалы, ден соолугу кандай? 

-- Байкемдин ден соолугу жалпысынан алганда начар, бирок анын эрки аябай күчтүү. Жаны кыйналып жатса да, ооруган жерин бизге билдиргиси келбейт. Медициналык көрсөтмөлөрүндө жазылган илдеттерин билген үчүн анын ден соолугуна санааркайбыз. Байкем боор оорусунан жабыркайт. 

 Кемпир-Абад иши боюнча камалган төрт кишини СИЗОнун эң төмөн жагында жайгашкан камерага которгондон бери санаабыз санга, оюбуз онго бөлүнүп жатат. Азыркы жаткан камерасы абдан муздак, ным, ден соолукка терс таасирин тийгизген жер. Бир канча жолу арыз жазып, башка камерага которгула деп кайрылсак да эч ким реакция кылган жок. Айла жок, шарты оор жерде жатышат.  Бирок, агам оор күндөрдү баштан кечирип жатса да сынган жок. Баштагы көз карашынан тайбай, азыр деле ошол позициясында турат.

-- Агаңызга жолукканга мүмкүнчүлүк болуп жатабы?

-Кой-Таш иши боюнча сот отуруму 1-күндөрү болот. Сотко келгенде жолугуп, ден соолугун сурап, сүйлөшүп турабыз.

-Эмнегедир Кемпир-Абад окуясы боюнча камалгандарсыз эле сот отуруму өтө баштады го... Сот мыйзамсыздыкка жол бердиби? 

-- Албетте, Кемпир-Абад ишин СИЗОдогу 11 айыпталуучусу жок эле карап, мыйзамсыздыкка жол беришти. Кемпир-Абад окуясы менен камалгандар сот ачык өтсүн деп талап кылышып, протест катары сот отурумунан чыгып кетишкен. Андан кийинки сот отурумдарын судьялар айыпталуучуларсыз эле карай беребиз деп жатышат. Бирок, бул мыйзамсыз.

-Агаңыз Кой-Таш окуясы боюнча камалганда камерада чогуу жаткандарга англис тилин үйрөтүп, китептерди окуп берип, убакытты куру өткөрбөөгө аракет кылды эле. Бул сапар дагы ошондой нерселер менен алек болуп жатабы?

-- Байкем кыйынчылыкка чөкпөгөн, барга көппөгөн жөнөкөй, позитивдүү жүргөн адам да. Азыр деле жанындагыларга англис тилин үйрөтөт. Спорт менен машыгат, эң негизгиси көңүлүн чөктүрбөйт. Кайра бизге дем, дух берип турат. “Демократияны орнотобуз, баары жакшы болот” деп сооротуп, көңүлүбүздү көтөрүп келүүдө.

-- Өзүнө коюлган дооматтарга макулбу?

-- Жок. Бул ишти камактагылардын туугандары эле эмес, кыргыз эли да далили, негизи жок эле токуп койгон саясый иш экенин билип турат го. Ошон үчүн сотту жабык өткөрүп жатышат да. Эртеби-кечпи баары бир бул нерселер ачыкка чыгат. Чындык жеңет. Биздин колубуздан азыр эч нерсе келбегени менен мезгили келгенде баары ордуна коюлат. Баарынан да адамдын убалы жаман. Биринчи Кудайдан, анан ак адамды каралап камагандан коркуш керек. Кудай алдында да, мыйзам алдында дагы мунун сурагы жаман болот.

-- Атаңыз каза болгондон бери агаңыз Равшан Жээнбековдун башы соттон чыкпай калды. “Кесепетин тартарымды билип турсам да ошол иштерге аралашып алдым” деп өкүнөбү?

-- “Атам каза болбосо, байкем камалбайт эле деп мен да арман кылам. Атамдын акылы тетик, ким менен болбосун сүйлөшө билген чебер дипломат эле. Душманына да достой мамиле кылчу. Атамдын камкордугу, колдоосу, жылуу сөзү, мээримдүү көз карашы баарыбызга жетишпей турат...

Байкем табиятынан позитивдүү киши болгон үчүн эч качан оозунан өкүнөм деген сөз чыкпайт. 20 жылдан бери демократиялык принциптерди туу тутуп, адам укугун, сөз эркиндигин жактап келген. Азыр да ал принциптеринен тайбады. Айрым саясатчылардай болуп, өз жанынын тынчтыгын көздөп бийликтегилер менен тил табышууга да аракет жасаган жок. Оор болсо да жабыркагандардын тарабында болду. Бул анын мыктылыгы да.

-- Эмнегедир Салкынай жеңеңизди да алдамчылык беренеси менен камашты. Ал да агаңыз үчүн камалдыбы?

-- Бул нерсенин баары байкеме сокку кылуу максатында жасалган аракеттер деп ойлойм. Убагында мага да иш козголгон. Түрктөр салган үйдү мага чаптап, 70 квартирасы бар деп мени да өтө бай адамдардын катарына кошуп коюшкан. Андан кийин байкемдин уулу Азатты да Кыргызстандан чыгарбоого аракет кылышты. Андан көп өтпөй жеңемди камашты. Айтор, мунун баарын байкеме карата жасалган басым, аны сындыруу үчүн жакындарын түйшүккө салган аракеттер катары ойлойбуз.

Азыр байкемди камап, ак жеринен күнөөлөп жатышканы менен Кыргызстан үчүн агамдай ак жүрөк адамдар керек. Азыр баркын билбегенибиз менен тарых астында акталат, убагы келгенде бардык ишке акыйкат баа берилет. Бирок, өмүрү муздак камерада өтүп, ден соолугу кетип жатканы бизди кейитет.

-- Агаңыз Равшан карындаштарына күйүмдүүбү?

-Менин бир тууганымдай адам дүйнө жүзүндө жок го. Байкем, кандай кырдаал болбосун дайыма колдоо көрсөтөт. Акылын айтат, кеңешин берет. Ачык айтып, ак сүйлөйт. Агалык камкордукка алып, бир туугандарына таяныч, арка-жөлөк болот. Ушундай күйүмдүү, акыл кошо билген адамды бизге ага кылып берген ата-энебизге, Кудайга ыраазыбыз!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер