Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соттор менен жарандардын ортосундагы далдалчылар тыйылабы?

Соттор менен жарандардын ортосундагы далдалчылар тыйылабы?

15-сентябрь, 18:57
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Коомчулуктагы нааразычылык жараткан бир жагдайга көңүл бурууга мезгил келди окшойт. Укук коргоо органдарынын, айрыкча соттордун ортосуна далдалчы болуп түшкөндөрдү көрүп эле жүрсөк керек. Мыйзамдуу талаада мындай көрүнүштөргө кандай баа берип, кантип тартипке келтирсек болот?  

     Ооба, суроолор жаралууда. Жалал-Абад облусунда Г.Калмаматова аттуу аялдын юридикалык тийешелүү билими, адвокаттык лицензиясы жок эле граждандык иштер менен шугулданып жүрөбү? Ал жарандардын ишенимине кирип, “адвокатмын” деп кызыкчылыкка жараша кыныгын алганбы? Соттошкон эки тараптын сырын алып, кандайдыр бир маалыматка жетишип, опузалоо менен акча жасоону, бири-бирине тукурууну өздөштүргөнбү? Бул кандай ыкма? Айтмакчы, ал мурда алдамчылык менен соттолсо, үйрөнгөнүн кесип катары өздөштүргөн кербезиби? Муну менен кызматташкан соттордун ишмердиктерине баа берилеби?

     Ушундай. Атайын соболдорду жолдоо менен жооп табуунун ыңгайын көрүү керек. Негизи сотко катышкан өкүлдөргө ырааттуу талап коюлуп, ортодогу ашыкча далдалчыларды жок кылмайын мыйзамдуулукка жетүү кыйынбы? 

      Кошумча маалымат

     КР президенти кол койгон мыйзамга ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта соттордо юридикалык өкүлчүлүк кылуунун жаңы форматы жана бирдиктүү талаптары күчүнө кирет. 

     Жаңы эрежелер боюнча сотто жарандардын же юридикалык жактардын таламдарын коргоочу (адвокат эмес) юридикалык өкүлдөргө төмөнкүдөй негизги талаптар коюлат: 

Жогорку юридикалык билимдин (бакалавр же магистр) болушу;

Юридикалык адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажы;

     Адвокаттардын окуу борборунан кеминде 80 академиялык сааттан турган атайын даярдыктан өтүп, тастыктама (сертификат) алуу;

     Адвокатура тарабынан жүргүзүлө турган юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине катталуу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер