Начальник Шамбетов кайдыгер болбогондо, келиндин кулак-мурду кесилмек эмеспи?


Буга чейин бир нече жаңжалдар Сокулук РИИБден чыгып келген. Кызматкерлер пара менен кармалышып, кылмышкерди качырышып, жер чатагы боюнча резонанс жаратышып, айтор, коомдук коопсуздук абалды тескей алышпай, ар тарабынан кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп келишкен эле. Эл ичинде “Сокулук району начальник милицияга жарыбай койду” деген кеп бар.
Уран Шамбетов Сокулук РИИБге начальник болгону көзгө көрүнө албады. Өздүк курамын башкара албай, четинен кылмышка шектелип келишкени жашыруун эмес. Өздөрү таза болбосо, элге кайсы үлгүнү көрсөтүшсүн? Селекция айылындагы кулак-мурду кесилген, чала мууздалган келин боюнча да шалаакылык жасашканбы? Жабырлануучунун эжеси, жакындары айтып атышат. Сокулук РИИБге бир канча ирет кайрылышса, коркунуч болуп атканын билдиришсе да коргоого ала алышпаганы кандай? Келинди бир канча ирет зордуктап, сабап, зомбулук көрсөтүп келиптир. Экөө ажырашкандан кийин бири-биринин турмушуна кийлигишпеши керек да. А милиция “эрди-катындын урушу” сыяктуу карап атса, кайсы логикага сыйсын?..
Ооба, бул трагедияга Сокулук райондук сотунун да күнөөсү бар. Кызганчаак жексурду эки ирет эркиндикке чыгарып жибериптир. Соттор да жазаланышы керек. Ал эми милиция арыз-даттанууларга ыкчам, тездик менен чара көрүшкөндө, кайдыгерликке алдырышпаганда, төбө чачты тик тургузган окуя болмок эмес да, туурабы? Өлүмгө аз эле калыптыр. Бурулайдын, Айзаданын аянычтуу тагдырларына үндөшүп атпайбы...
Натыйжада, Уран Шамбетов иштей албай жатканын мойнуна алып, сыйы менен эле кетип калса не? Намысы бар жетекчи моралдык жагын ойлоп, басып кетмек...
"Азия Ньюс" гезити











